Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 17.09.2018 №17 Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылдык …

17.09.2018 №17 Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2018-жылдын 30-июлунда Нарын облусундагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин буйругу менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Чилпаков Темирбек Осмоналиевич берилген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

2018-жылдын 6-августунда КР БШКнын №157 токтому менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 22-августуна дайындалган.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат».

2018-жылдын 14-августунда, айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү бүткөн күнгө, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына бир да талапкер көрсөтүлгөн эмес.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-абзацына ылайык: “Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт”.

2018-жылдын 17-августунда КР БШКнын №165 токтому менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2018-жылдын 29-августуна дайындалган.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер сунушталат”.

2018-жылдын 21-августунда, айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү бүткөн күнгө, белгиленген мөөнөттөрдө талапкерди көрсөтүүгө акылуу субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына бир да талапкерди көрсөткөн эмес.

2018-жылдын 27-августунда КР БШКга Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынан кайрылуу (чыг.№52) келип түшкөн, анда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:

«1. Чаек айыл өкмөтүнүн имаратында айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкерлерди каттоо 2018-жылдын 24-августунда бүтө тургандыгы жөнүндө кулактандыруу илинген.  Ошого байланыштуу 2018-жылдын 21-августундагы мөөнөткө айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди көрсөтүүгө үлгүрбөдү.

2. 2018-жылдын 21-августунан кийин Жумгал АШКга Чаек айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтер берилди, бирок, АШК талапкерлерди көрсөтүү жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу документтерди кабыл алган жок.

3. «Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобонун          18-пунктуна ылайык, “эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону кайра өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранышкан”.

Жумгал АШКсы жана атайын өкүл далилдегендей, документтерди кабыл алуу мезгилинде жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин да, талапкерди көрсөтүүгө укуктуу субъекттердин бири да айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү боюнча документтерди берген эмес, жана Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын АШК документтерди кабыл алуудан баш тарткандыгы тууралуу билдирүүсү чындыкка жатпайт.

2018-жылдын 27, 28-августтарында КР БШКга Жумгал АШКнын төрайымы С.Казакбаевадан жана КР БШКнын Жумгал АШКсындагы атайын өкүлү Б.Абылабековдон маалымат жана түшүнүк кат келип түшкөн, анда айтылгандай, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2018-жылдын 17-августунан 21-августуна (кошо) чейин айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча кезмет уюштурулган.  Мыйзамдарга ылайык, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу 21-августта 18.00дө бүткөрүлгөн.

Чаек айыл өкмөтүнүн болбой калган шайлоосуна байланышкан бул маселени объективдүү жана тыкан карап чыгуу максатында Жумушчу топ түзүлгөн (буйрук №93/ОД 06.09.2018-ж..).

Жумушчу топ 2018-жылдын 11-сентябрында Чаек айылына барып, Чаек айылдык кеңешинин депутаттары жана Жумгал АШКнын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.  Ошондой эле Нарын облусундагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.К.Жээналиев жана Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары (айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу) А.Токтоналиева катышты.

Чаек айылдык кеңешинин 11 депутаты, алар КР БШКга Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону кайра өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө кайрылуу жазгандыгын бышыкташты.

Айылдык кеңештин депутаттары Р.Абышев, Т.Аскаров жана А.Борбушалиев белгилегендей, 2018-жылдын 29-августуна дайындалган Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого документтерди тапшыруу мөөнөтү “Курман айтка” байланыштуу дем алыш күндөргө туш келип калган.  Ошентип, депутаттар түшүндүргөндөй, мөөнөттүн кыскалыгынан талапкерди убагында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды.

2018-жылдын 17-августунда КР БШКнын Жумгал АШКдагы атайын өкүлү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына (чыг. №01-8/11) жана Чаек айыл өкмөтүнө (чыг. №01-8/12) 2018-жылдын 29-августуна дайындалган Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөткөн, бирок, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоонун акыркы мөөнөтүн көрсөткөн эмес.

Айыл өкмөтүнүн имаратында илинген (депутаттардын маалыматы боюнча) кулактандыруу боюнча, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  (айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу) А.Токтоналиева, ал төмөнкүдөй мазмундагы кулактандыруу илгендигин тастыктады: “айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 29-августта болот жана талапкерлерди көрсөтүү 24-августта бүтөт”.

Жумгал АШКсы жана КР БШКнын Жумгал АШКдагы атайын өкүлү Б.Абылабеков тарабынан тартип бузуу орун алган – ачык көрүнгөн аракетсиздик, алар Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоонун бүтүү мөөнөтү жөнүндө кабарлоо иштерин жүргүзбөгөндүк орун алган.

КР БШКнын борбордук аппаратынын кызматкери тарабынан Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо күнү рационалдуу эмес белгиленген. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, кайра шайлоо күндү мурда дайындалган шайлоо күнүнөн тартып (2018-жылдын 22-августу) белгилөөгө тийиш эле.

Нарын облусундагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.К.Жээналиев, айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөтүү маселесин талкуулоо жана чогуу чечим кабыл алуу үчүн  Чаек айылдык кеңешинин депутаттары менен чогулуш өткөрүүнүн жоопкерчилигин өзүнө алаарын билдирди.

Кайрылуудагы бардык материалдарды иликтеп, Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын,  Нарын облусундагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.К.Жээналиевдин, Жумгал АШКнын төрагасы С. Казакбаеванын,  КР БШКнын Жумгал АШКдагы атайын өкүлү Б. Абылабековдун жүйөлөрүн угуп чыгып, жогоруда көрсөтүлгөн кырдаалдарды эске алып, Жумушчу топ каталарга жана аракетиздикке жол берген жооптуу адамдарга карата чараларды көрүүнү, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жаңы датага дайындоону, КР БШКнын 2018-жылдын 17-августундагы №165 токтомунун     1-пунктун күчүн жоготту деп табууну сунуштайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо менен байланышкан маселелерди карап чыгуу боюнча жумушчу топтун сунуштарын эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жена референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо менен байланышкан маселелерди карап чыгуу боюнча жумушчу топтун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын 2018-жылдын 24-августундагы кайрылуусундагы Нарын облусундагы Жумгал районунунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө талаптарды канаатандыруу тууралуу  сунуштары жактырылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына төрагасын жана катчысын кайра шайлоо сунушталсын.

3. КР БШКнын дисциплинардык комиссиясы КР БШКнын Жумгал АШКдагы атайын өкүлү Б.Абылабековдун жана Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоону 2018-жылдын 29-августуна белгилеген жооптуу КР БШКнын борбордук аппаратынын кызматкеринин жоопкерчилигин карап чыксын.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

6. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 17-сентябрь 2018-ж.
№ 17