№162 2015-жылдын 24-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча түшкөн А. Орозовдун, Б.Турганбаеванын арызын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 180 токтому менен 2015-жылдын 24-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколун жараксыз деп табуу тууралуу арыз Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына укук коргоочулар А. Орозовдон, Б. Тургунбаевадан  2015-жылдын 25-ноябрында түшкөн.

Арызда, шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзамдардын бузулушу тууралуу көрсөтүлгөн жагдайлар Борбордук шайлоо комиссиясынына түшкөн шайлоо документтеринен тастыкталган жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколун жараксыз деп табуу тууралуу укук коргоочулар А. Орозов, Б. Тургунбаеванын  арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ

УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                         А.Т. ШАЙЫМКУЛОВА

Бишкек ш., 30-ноябрь 2015-жыл

№ 162