24.11.2024 № 311 Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А. Аттокурованын, А. Исманалиеванын, О. Канторо у, Ж. Кочкорбай к., К. Рахматовдун, Э. Сасановдун, О. Эгемкуловдун арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А. Аттокурованын, А. Исманалиеванын, О. Канторо у, Ж. Кочкорбай к., К. Рахматовдун, Э. Сасановдун, О. Эгемкуловдун арызы жөнүндө
2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А. Аттокурованын, А. Исманалиеванын, Канторо у О., Кочкорбай к. Ж., К. Рахматовдун, Э. Сасановдун, О. Эгемкуловдун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 16-чечимине карата арызы келип түшкөн.
Арыздануучулар №1 Будалык шайлоо округунун №5134 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу тартиби жана эрежелери бузулгандыгын баяндаган.
2024-жылдын 20-ноябрында Алай АШКсынын чечими менен жогорудагы талапкерлердин арызы боюнча төмөндөгү чаралар көрүлгөн:
- №1 Будалык шайлоо округуна тиешелүү №5134 шайлоо участкасынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууда бюллетендерди жараксыз деп табууда участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан мыйзамдын талаптары одоно бузулганы белгиленсин;
- 2024-жылдын 17-ноябрында добуш берүү убактысы саат 20:00до жыйынтыкталгандыгы боюнча мыйзам бузуу болбогондугу белгиленсин;
- көчмө урнадагы бюллетендерди жалпы бюллетендерге кошуп эсептелиши мыйзамдуу экени белгиленсин;
- добуш берүүнүн жыйынтыгында бюллетендердин кайрадан эсептелиши мыйзамдын тартибине ылайык жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2024-жылдын 23-ноябрында арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болуп өттү. Ага Алай АШКнын төрагасы - Мамыт Молдобаев жана арыздануучулар Ж. Кочкорбай к., Э. Сасанов чакырылды жана алардын билдирүүлөрү угулду.
Арыздануучу Сасанов Э. №5134 шайлоо участкасында шайлоо күнү бир нече мыйзам бузуулар болгонун төмөндөгүдөй белгиледи:
1. Добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү күнү, кээ бир шайлоочулар добуш бергенден кийин бюллетендер жараксыз деп табылып 2 жолу добуш беришкен;
2. №5134 шайлоо участкасында добуш берүү убактысы 19:59да мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган;
3. Добуш берүү аяктагандан кийин көчмө урнадагы 11 бюллетенди автоматтык эсептөөчү урнага (мындан ары - АЭУ) салууда, анын 9 бюллетенин АЭУ кабыл алган эмес жана ал бюллетендер байкоочуларга көрсөтүлгөн эмес;
4. №5134 шайлоо участкасындагы добуш берүү жыйынтыгы 21:00до белгилүү болгон;
5. Бюллетендерди кол менен эсептөөдө комиссия тарабынан жаңылыштык болуп, тыныгуудан кийин кайра башынан эсептөө жүргүзүлгөн;
6. Участкалык комиссия бюллетендерди АШКга тапшыруу жана бюллетендерди кайра эсептөө зарылчылыгы боюнча тартип бузулган.
Арыздануучу өз сөзүндө жогорудагы шайлоо тартиптери бузулгандыгына байланыштуу №5134 участкасында шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо аракеттери болгон деп баалады.
Алай АШКсынын төрагасы, принтерлүү идентификациялоо түзүлүшү добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү учурунда иштен чыгып, ал түзүлүш алмаштырылганына байланыштуу, добушун берген кээ бир шайлоочуларды кайрадан добуш берүүсү боюнча чечим кабыл алынып, биринчи бюллетендер жараксыз деп табылган.
Жумушчу топтун отурумунда, №5134 шайлоо участкасынын добуш берүү үчүн убактысы мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталганы боюнча, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Сакыевдин жана байкоочулардын билдирмелеринин негизинде аталган маалымат аныкталган жок.
Ошондой эле, АЭУга бюллетендерди кабыл алуусу техникалык мүчүлүштүктөрдүн кесепети болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы кол менен саноо боюнча аныкталганына байланыштуу аталган жагдай жыйынтыка таасир берген эмес.
Участкалык комиссиянын кол менен эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 36-беренесинин 12-пунктуна ылайык жүргүзүлгөндүгү аныкталды.
Мыйзамдын 36-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык: “Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урнадагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча шайлоо бюллетендери талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алардын көрүп туруп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү менен кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленет”.
Борбордук шайлоо комиссиясы А. Аттокурованын, А. Исманалиеванын, О. Канторо у, Ж. Кочкорбай к., К. Рахматовдун, Э. Сасановдун, О. Эгемкуловдун арызын карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирин угуп, Алай АШКсы шайлоо мыйзамдарынын негизинде жана иштин бардык жагдайларын иликтеп чыгып, чечим кабыл алган деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Алай АШКнын 2024-жылдын 20-ноябрындагы №16-чечими күчүндө калтырылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 24-ноябры
№ 311