Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 17.11.2024 № 301 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын …

17.11.2024 № 301 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №28 чечимине “Ынтымак” саясий партиясынын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №28 чечимине “Ынтымак” саясий партиясынын арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) “Ынтымак” саясий партиясынан Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №28 чечимине арыз келип түшкөн.

Арызда “Мурас” саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы, тактап айтканда, Арзибаев Бекболот Өскөнбаевич “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген атайылап жалган билдирүүлөрдү жасаган үгүт материалдары социалдык тармактарда жана басма сөз каражаттарында таратылып жаткандыгы белгиленет. 

2024-жылдын 16-ноябрында Ош аймактык шайлоо комиссиясы “Ынтымак” саясий партиясынын жогорудагы жүйөлөрү боюнча  арызды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган, ал эми талапкер Б.О. Арзибаевге эскертүү берилген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык “талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз”.

2024-жылдын 17-ноябрында келип түшкөн арызды объективдүү жана ар тараптуу кароо максатында КР БШКнын жыйыны болуп, ага Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Т. Бердибекова жана “Мурас” саясий партиясынан талапкер   Б.О. Арзибаев катышты.

 

Арыз ээси Б.О. Арзибаевдин бир нече жолу каралаган мүнөздөгү билдирүүлөрдү жасаганын түшүндүрдү. Маселен 2024-жылдын 14-ноябрында Ош УТРКсынын теледебаттарында жана үгүт иш-чараларында шайлоочулардын алдында бир дагы фактыны келтирбей туруп, добуштарды сатып алуу боюнча “Ынтымак” партиясынан талапкер Н.М. Нурбаевдин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө айткан.

Арыз ээси Б.О.Арзибаевдин аракеттери талапкерлердин гана эмес, “Ынтымак” саясий партиясынын өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына жана иш беделине доо кетирди деп эсептейт.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы талапкер Б.О.Арзибаевдин каттоосун жокко чыгарууну канааттандыруудан баш тартуу чечими Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №32/3-7937 маалыматына ылайык кабыл алынганын белгиледи.

Б.О. Арзибаев өзүнүн айыптоосунун негизинде 2024-жылдын 16-ноябрында ички иштер органдарына “Ынтымак” саясий партиясынын талапкери Н.М. Нурбаевдин добуштарды сатып алуусу жөнүндө маалыматты текшерүү өтүнүчү менен кайрылган, анда кылмыштын далилдери жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Н.М.Нурбаев тарабынан добуштарды сатып алуу тастыкталбагандыгына байланыштуу ички иштер органдарынан алынган маалыматка таянуу менен “Ынтымак” саясий партиясынын талапкери Н.М. Нурбаев жөнүндө Б.О.Арзибаев атайылап тараткан жалган маалыматтар партиянын шайлоочуларына терс таасирин тийгизет деп эсептөө максатка ылайыктуу.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы даттанылган Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №28 чечимин негиздүү жана колдонуудагы шайлоо мыйзамдарына ылайык келет деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндө” жобону жекечиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №28 чечими күчүндө калтырылсын

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-ноябры

№ 301