Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери №15 2014-жылдын 20-ноябрында өткөрүлгөн Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын …

№15 2014-жылдын 20-ноябрында өткөрүлгөн Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду жараксыз деп табуу жөнүндө Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарынын арызын кароо т

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2014-жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттары К.А. Акматовдон, С.А.Аширбековдон, Т.С. Бабаевден, К.А. Джумагуловдон, Т.О. Джыбыкеевден, А.Т. Кудайбергеновдон, В.С. Свистуленкодон, А.Ч. Токсобаевден жана Г.С. Харченкодон Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду жараксыз деп табуу жөнүндө арыз түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 122 токтому менен Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 20-ноябрына, саат 10.00гө дайындалган.

Сунушталган документтер боюнча Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 2014-жылдын 20-ноябрында саат 10.00дө Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү үчүн Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин имаратына келишкендиги аныкталган. Айылдык кеңештин имаратына 11 депутаттан 7сү келген.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү үчүн Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарынын кворуму жок болгондугун аныктап, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды деп тапкан.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 24-пунктун жетекчиликке алып, 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттары К.А. Акматовдун, С.А. Аширбековдун, Т.С. Бабаевдин, К.А. Джумагуловдун, Т.О. Джыбыкеевдин, А.Т. Кудайбергеновдун, В.С. Свистуленконун, А.Ч. Токсобаевдин жана Г.С. Харченконун  арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү арыз ээлерине берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ