Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 16.11.2024 № 299 “Бирге – Вместе” саясий партиясынан …

16.11.2024 № 299 “Бирге – Вместе” саясий партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.М. Джандралиевдин, К.Н. Бажандын, Кеңешбек уулу К. арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

“Бирге – Вместе” саясий партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер К.М. Джандралиевдин, К.Н. Бажандын, Кеңешбек уулу К. арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) «Бирге-Вместе» саясий партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салуу тууралуу Кара-Балта ш. АШКнын чечимин жокко чыгаруу жѳнүндѳ К.М.Джандралиевден, К.Н. Бажандан, Кеңешбек уулу Кутманбектен арыз келип түшкөн.

2024-жылдын 13-ноябрында “Бирге-Вместе” саясий партиясынын арызына ылайык, Кара-Балта ш. АШКнын №40 чечими менен К.М.Жандралиевдин, К.Н.Бажандын, Кеңешбек уулу Кутманбектин
"Бирге-Вместе" саясий партиясынын талапкерлер тизмесиндеги каттоосу жокко чыгарылган.

Келип түшкөн арзды объективдүү жана ар тараптуу кароо үчүн, 2024-жылдын 16-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, ага арыз ээлери К.М.Жандралиев, Кеңешбек уулу К. жана Кара-Балта АШКнын төрагасы Ахмедова Ш.Э. видеоконференция аркылуу катышып, сөз сүйлөштү.

К.М.Джандралиев АШКнын чечими мыйзамсыз, анткени ал шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу менен, алардын катышуусуз, алдын ала билдирүү жасалбай, талапкерлердин макулдугусуз кабыл алынган. Талапкер алардын талапкерлердин тизмесинен чыгарылгандыгы тууралуу 2024-жылдын 15-ноябрында саат 23:00дө башка партиянын өкүлдөрүнөн билгендигин билдирди.

Кара-Балта ш. АШКнын төрагасы – Ш.Э. Ахмедова, «Бирге-Вместе» саясий партиясынан талапкерлерди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечими «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кабыл алынганын билдирди.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 2-бөлүгүнѳ ылайык, “саясий партия ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же болбосо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди (талапкерлерди) тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү:

1) талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө;

2) талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тиешелүү тизмесинен алып салуу жөнүндө”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда “Бирге – Вместе” саясий партиясынын өкүлү Руслан Насыралиев телефон аркылуу сөз сүйлөп, ал «Бирге – Вместе» саясий партиясынан талапкерлер К.М.Джандралиев, К.Н.Бажан, Кеңешбек уулу К. үгүт иш-чараларында эрежелерге баш ийбей, партиянын саясатын карманышкан эмес, ошондуктан партия аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алган деп билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызды карап чыгып, Кара-Балта ш. АШКсынын К.М.Джандралиевди, К.Н.Бажанды, Кеңешбек уулу Кутманбекти “Бирге-Вместе” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин шайлоо комиссияларынын отурум өткөрүүнүн жол-жоболорун бузуу менен кабыл алган деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын отуруму К.М.Джандралиевдин, К.Н.Бажандын, Кеңешбек уулу Кутманбектин катышуусуз өткөндүгү аныкталды, жана Кара-Балта АШКнын төрагасы - Ш.Э. Ахмедова бул маалыматты тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө» жобонун 3.6 пунктуна ылайык, «Арыздарды (даттанууларды) кароодо, ошондой эле шайлоо укуктарынын жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө маселе каралып жаткан башка учурларда алар карала турган күнү, убакыты жана жери жөнүндө кызыктар тараптарга, жеке адамдарга же алардын өкүлдөрүнө маалымдалат.

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Балта АШКсы талапкерлерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарууда арыздарды кароонун тартибин бузган, атап айтканда, арыз ээлерине мыйзамдын талаптарына ылайык тийиштүү түрдө билдирүү болгон эмес деп эсептейт.

Мындан тышкары, “Бирге – Вместе” саясий партиясынын көрсөтүлгөн документтерин терең изилденбегенин, талапкерлерди тизмеден чыгаруу жөнүндө чечиминде партияынын мөөрү жок экендигин белгилөө зарыл.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу”.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 54-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө» жобонун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  1. К.М.Жандралиевдин, К.Н. Бажандын, Кеңешбек уулу Кутманбектин арызы канааттандырылсын.
  2. Кара-Балта АШКнын 2024-жылдын 13-ноябрындагы №40 чечими жокко чыгарылсын.
  3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

 

ТѲРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 16-ноябры

№299