Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 16.11.2024 № 298 Фрунзе №1 айылдык кеңешинин депутаттыгына …

16.11.2024 № 298 Фрунзе №1 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К. Джапралиевдин арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Фрунзе №1 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К. Джапралиевдин арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Джапралиев Алмазбек Кадырбековичтен Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 28 чечимине карата арызы келип түшкөн.

Өзүнүн арызында А.К. Джапралиев шайлоо алдындагы үгүт иштеринин тартибин жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер М.Б.Карбосовдун, Д.Умуралиевдин жана Б.И. Ибраимовдун каттоосун жокко чыгарууну өтүнөт.

2024-жылдын 15-ноябрында Панфилов АШКнын чечими менен жогорудагы талапкерлерге №3 Чалдыбар орто мектептин ичинде үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү берилген.

2024-жылдын 14-ноябрында аталган мыйзам бузуу фактысы Панфилов райондук прокуратурасынын корутундусу менен тастыкталып, прокуратуранын материалдарында №3 орто мектебинин директору А.С.Алымкуловадан жана мугалимдерден түшүнүк каттар келтирилген.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын (мындан ары - Мыйзам) 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ибадат кылуу имараттарынын, курулмалардын жана аларга тиешелүү аймактардын, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттердин, электр станцияларынын, темир жолдордун, мунай/газ өткөргүчтөрдүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линияларынын, жана инфратүзүмдүк башка объекттердин, пенитенциардык системанын объекттеринин, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана аларга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

2024-жылдын 16-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, ага Панфилов АШКнын төрагасы Т.И. Кадырбаев - жана арыз ээси А.К. Джапралиев катышышты.

А.К. Джапралиевдин айтымында үгүт материалдарын билим берүү уюмдарынын ичинде таратуу менен үгүт иш-чараларын өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу зарыл деп эсептейт.

Мыйзамдын 44-беренесенин 2-бөлүгүнө ылайык “талапкерди каттоо төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;

7) талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда”.

Панфилов АШКнын төрагасы Т.И. Кадырбаев мындай чечим Панфилов райондук прокуратурасынын корутундусунун негизинде, жана Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптары бузулгандыгына ылайык кабыл алынганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы А.К. Джапралиевдин арызын карап чыгып, ошондой эле тараптардын пикирин угуп, Панфилов АШКсы шайлоо мыйзамдарынын негизинде жана иштин бардык жагдайларын иликтеп чыгып, чечим кабыл алган деп эсептейт.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерге карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык административдик жоопкерчиликти колдонууну максатка ылайык деп белгилейт.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 42-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын карап чыгышынын тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

 

  1. Панфилов АШКнын 2024-жылдын15-ноябрындагы №28 чечиминин токтом бөлүгү жокко чыгарылсын.
  2. Панфилов АШК - Фрунзе айылдык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Карбосов Марат Бектурович, Умуралиев Дүйшөнбек жана Ибраимов Бакыт Илмарович Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилигин кароо боюнча чараларды көрсүн.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 16-ноябры

№298