Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 15.11.2024 № 297 Д.Д. Рахмановдун арызы жөнүндө

15.11.2024 № 297 Д.Д. Рахмановдун арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Д.Д. Рахмановдун арызы жөнүндө

 

2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) Д.Д.Рахмановдон, Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерди «Ынтымак» саясий партиясынын тизмесинен чыгаруу жөнүндө Ош шаарынын АШКнын чечимин жокко чыгаруу тууралуу арыз келип түшкөн.

2024-жылдын 13-ноябрында “Ынтымак” саясий партиясынын арызынын негизинде Ош шаардык АШКнын №27 чечими менен талапкер Д.Д. Рахманов “Ынтымак” саясий партиясынын тизмесинен чыгарылган.

Арыз ээсинин айтымында, Ош шаарынын АШКнын чечими анын катышуусуз жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) талаптарын бузуу менен кабыл алынган. Арыз ээсине Ош шаарынын АШКсынын чечими үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында чоочун тараптардан белгилүү болгон.

2024-жылдын 15-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, ага арыз ээси - Д.Д.Рахманов, Ош шаарынын АШКнын төрагасы – Бердибекова К.Т. видеоконференция аркылуу катышышып, сөз сүйлөштү.

Арыз ээси Рахманов Д.Д. «Ынтымак» саясий партиясынын жетекчилигине анын талапкерлердин тизмесинен чыгарылгандыгы тууралуу маалымдалбагындыгын белгиледи.

“Ынтымак” саясий партиянын 2024-жылдын 13-ноябрындагы №05 чечими менен Рахманов Дилмурат Дилдорбекович Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.

Ош шаардык АШКнын төрайымы К.Т. Бердибекованын айтымында “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Д.Д Рахмановду четтетүү чечими Мыйзамдын 54-беренесинин негизинде кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Д.Д. Рахмановдун арызын карап чыгып, Д.Д. Рахманов «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча Ош шаарынын АШКнын чечими мыйзамга ылайык кабыл алынган деп эсептейт.

Мыйзамдын 54 беренесине ылайык “саясий партия ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же болбосо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди (талапкерлерди) тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү:

1) талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө;

2) талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тиешелүү тизмесинен алып салуу жөнүндө”.

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын АШКсынын чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт, анткени талапкер Д.Рахмановду “Ынтымак” саясий партиясынын тизмесинен чыгаруу жөнүндө саясий партиянын чечими жогоруда көрсөтүлгөн нормаларга ылайык кабыл алынган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 54-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.      Д.Д. Рахмановдун арызы канаттандыруудан – баш тартылсын.

2.      Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.      Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Арыздарды жана даттанууларды кароо, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА           Н.ШАЙЛДАБЕКОВ

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 15-ноябры

№297