Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 15.02.2022 №171 «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына карата №29 Свердлов …

15.02.2022 №171 «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына карата №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

«Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына карата

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн арызы жѳнүндѳ

 

2022-жылдын 14 февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына карата №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.А. Жапаровдон арыз (№01-14/276) келип түштү.

Арыз ээси 2022-жылдын 11-февралында 16 саат 10 минутта «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын журналисти Бакыт Басарбек «Главные маневры. Шайлообек Атазов расчищает дорогу Эльнуре Алкановой» (https://www.vb.kg/doc/413918_glavnye_manevry._shayloobek_atazov_raschishaet_dorogy_elnyre_alkanovoy.html) деген темада макала жарыялаган, анда, арыз ээсинин пикири боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун түздѳн түз абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жана ал анык эмес жана мазактоо болуп саналат.

Арызда 2022-жылдын 13-февралына карата «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын ушул макаласын шайлоочулардын арасында 35 000 ашык кѳрүшкѳнүн билдирилген.

А. Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине таянуу менен: 1) чындыкка туура келбеген жарыялоолорго тѳгүндѳѳнү акысыз жарыялоону же жарыялоого түшүнүк берүүнү; 2) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 66, 67-беренелерине ылайык административдик жоопкерчиликке тартууну суранган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 15-февралындагы жыйынына арыз ээси - №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.А. Жапаров, «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын редактору Б.Б. Басарбек чакырылган жана алардын билдирүүлѳрү угулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкѳн арызды жана ага тиркелген материалдарды карап чыгып, тараптарды угуп, тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык, «Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз.

Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү».

«Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын редактору Б.Б. Басарбек билдиргендей, 2022-жылдын 15-февралында 13 саат 17 минутта «Шайлообек Атазов Эльнура Алканованын жолун тазалап жатат» деген жарыялоого тѳгүндѳѳ жарыяланган, муну арыз ээси А. Жапаров да тастыктаган.

Мындан тышкары, интернет-басылма ушул маселе боюнча комментарий жарыялоо үчүн талапкер Ш. Атазовго акысыз аянтча берүүгѳ даяр экендигин билдирген.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык: «Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдындагы үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтире турган маалыматты жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретиндеги төгүндөөнү же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүндүк берилбеши бул жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан ажыратууга негиз болушу мүмкүн».

Талапкер менен интернет-басылманын ортосунда аталган арыз боюнча маселенин жѳнгѳ салынгандыгын, ошондой эле тѳгүндѳѳнү жарыялоо мүмкүнчүлүгүнүн берилгендигин эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасын укук бузуулар жѳнүндѳ кодекс боюнча жоопко тартуу үчүн негиздер жок деген тыянакка келет.

 

 

Борбордук шайлоо комиссиясы «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартибин сактоонун зарылдыгы жѳнүндѳ кѳрсѳтүүнү жана мындан ары мындай жарыялоолорго жол бербѳѳсүн зарыл деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 118 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону, 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Талапкер менен «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасынын ортосунда аталган арыз боюнча маселенин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык жѳнгѳ салынгандыгы жѳнүндѳ маалымат эске алынсын.

2. «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасына мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы маалымдоонун жана үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин жана тартибин сактоонун зарылдыгы жѳнүндѳ, мындан ары мындай жарыялоолорго жол бербѳѳ боюнча кѳрсѳтмѳ берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт жүргүзүү эрежеси боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 15-февралы

№171