Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 15.02.2022 №170 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз …

15.02.2022 №170 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловго карата М. Шамсидин уулунун даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловго карата М. Шамсидин уулунун даттануусу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2022-жылдын 14-февралында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловго карата М. Шамсидин уулунун даттануусу (№Ш-83/2) келип түшкѳн.

Даттанууда №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкулов №21 жалпы орто билим берүүчү мектептен 20 метрге жетпеген аралыкта ѳзүнүн үгүт баннерин жайгаштырганы кѳрсѳтүлгѳн.

Арыз ээси «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бѳлүгүнүн жана 28-беренесинин нормаларына таянуу менен, шайлоо мыйзамдарына ылайык чара кѳрүүнү жана талапкерди жоопкерчиликке тартууну суранган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 15-февралында келип түшкѳн даттанууну жана ага тиркелген материалдарды жыйынында карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык, «Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт».

№21 жалпы орто билим берүүчү мектеп Бишкек шаарындагы Энесай турак-жай конушунда Энесай кѳчѳсү 1-я, 1 дареги боюнча жайгашкан.

Келип түшкѳн даттанууну кароодо №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү тарабынан № 21 жалпы орто билим берүүчү мектеп менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловдун үгүт баннери илинген жердин ортосундагы аралык ченелип чыккан.

 

Жүргүзүлгѳн ченѳѳнүн натыйжасында жалпы билим берүүчү мекеменин имараты менен талапкер Н.Ж. Маматкуловдун үгүт баннеринин ортосундагы аралык 20 метрден кем эмес аралыкты түзгѳн.

Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловдун аракеттеринде конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бѳлүгүн бузуулардын белгиси бар деп эсептейт.

 

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бѳлүгүнѳ ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт».

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында талапкер Н.Ж. Маматкуловдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ф. Бекназаровдун жол берилген бузуулар четтетилгендиги тууралуу билдирүүсүн, аны сунуш кылынган видео тастыктап тургандыгын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин жана тартибин бузууга жол бербѳѳ боюнча №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловго оозеки эскертүү берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27, 28, 44-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 118 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону, 2017-жылдын 7-июлундагы №212 «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. М. Шамсидин уулунун арызы боюнча талаптары канааттандырылсын.

2. Шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин жана тартибин бузууга жол бербѳѳ боюнча №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Ж. Маматкуловго оозеки эскертүү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт жүргүзүү эрежеси боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 15-февралы

№170