06.07.2020 №15 «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
«Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
«Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдикеримов Ильязбек Чидербекович катталсын.
2. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кулжанова Динара Кувайбековна катталсын.
3. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-июлу
№ 15