18.12.2021 №1454 №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжаларын аныктоону токтото туруу жөнүндө
№31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжаларын аныктоону токтото туруу жөнүндө
2021-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
№31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлү тараптан жогоруда көрсөтүлгөн чечимди сот тартибинде даттануу ниети жөнүндө билдирилди.
№31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде талапкер М. Саккараев ал бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп санын алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сот тартибинде даттануу аяктаганга чейин “№31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары жөнүндө” маселени кароону токтото туруу максатка ылайык деп эсептейт.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Чечимди сот тартибинде даттануу аяктаганга чейин “№31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары жөнүндө” маселени кароо токтото турулсун.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 18-декабры
№1454