Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 27.11.2021 №1401 №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз …

27.11.2021 №1401 №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичке карата сотко чейинки өндүрүш боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын маалыматы тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№7 Ош шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичке карата

сотко чейинки өндүрүш боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын маалыматы тууралуу

 

2021-жылы 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары – ЫЧКТ) №03-821-2021-000355 сотко чейинки өндүрүш боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББнын маалыматы түштү.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылы 18-ноябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББ тарабынан №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б. Арзибаев Ош шаарынын Жапалак айылында жайгашкан шайлоо алдындагы штабда өз агитаторлоруна жана ишенимдүү адамдарына акча каражаттарын төлөө жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырып жаткандыгы тууралуу маалымат алган.

2021-жылы 25-ноябрда сотко чейинки өндүрүш алкагында процесстик амалдар жасалган, анын жүрүшүндө Б. Арзибаев агитаторлоруна жана ишенимдүү адамдарына 500 000 сом суммасында накталай акча каражаттарын шайлоо фондунан тышкары төлөө жолу менен шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузгандыгын мойнуна алган, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 193-беренесинде жазык жоопкерчилиги каралган (шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу).

2021-жылы 26-ноябрда сотко чейинки өндүрүш тергөөгө караштуулугу боюнча Ош шаарынын ИИБге берилген, териштирүү улантылууда.

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББ тарабынан берилген маалыматтарды жана материалдарды изилдеп жана талкуулап, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй тыянакка келди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары –конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, «шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу».

Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, «талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат».

Мында конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 14-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында минтип белгиленген: «Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат».

Жогоруда баяндалганга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Б. Арзибаевдин шайлоо мыйзамдарында каралган жоопкерчилиги жөнүндө маселени сотко чейинки өндүрүштө териштирүү натыйжалары боюнча кароо зарылдыгы тууралуу тыянакка келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28, 41, 43-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №03-821-2021-000355 сотко чейинки өндүрүш боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ББ тарабынан берилген маалымат эске алынсын.

2. Териштирүү органы шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу фактысын аныктаса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №7 Ош шайлоо округу боюнча талапкер Арзибаев Бекболот Осконбаевичти шайлоо мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе каралсын.

3. Ош шаарынын ИИБи №03-821-2021-000355 сотко чейинки өндүрүштө териштирүү натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына толук маалымат берсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 27-ноябры

№1401