05.02.2022 №140 Ильяс Зайнидинович Курмановду №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

 

 

2022-жылы 24-январда Курманов Ильяс Зайнидинович Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катышуу жөнүндө арыз берген (кир. № К-45).

2022-жылы 28-январда Курманов Ильяс Зайнидинович конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук пакетин тапшырган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1, 61-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусун эске алуу менен,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Курманов Ильяс Зайнидинович №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталсын.

2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ильяс Зайнидинович Курмановго белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.

3. Бул чечим «Эркин -Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 5-февралы

№ 140