Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.01.2021 №12 Кыргыз Республикасынын референдумуна үгүт эрежелерине тийиштүү …

09.01.2021 №12 Кыргыз Республикасынын референдумуна үгүт эрежелерине тийиштүү Д.Д.Бекешевдин даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын референдумуна үгүт эрежелерине тийиштүү Д.Д.Бекешевдин даттануусу жѳнүндѳ

2020-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындар ары – БШК) парламенттик башкаруу формасы «Үчүн» № 1 үгүт тобунун жетекчиси Д.Д.Бекешевден 2020-жылдын 30-декабрында жана 2021-жылдын 6-январында арыз келип түшкѳн. 2020-жылдын 30-декабрындагы арызында арыз ээси чыгаруу маалыматтары кѳрсѳтүлбѳгѳн «Президенттик башкаруу формасы үчүн» үгүт материалдары басылган автотранспорт каражаттары шаарды кыдырып жүргѳнү айтылган.

Ошондой эле арыз ээси 2021-жылдын 6-январындагы катында 2021-жылдын 4-январында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеканалындагы «Ала-Тоо 24» кабарлар кѳрсѳтүүсүндѳ (мындан ары – КТРК) https://www.youtube.com/watch?v=2DTZVCeEHYA&feature=youtu.beс шилтемеси боюнча 16 минут 10 секундадан 18 минут 30 секундага чейин башкаруунун президенттик формасы үчүн үгүт жүргүзүү болгондугун билдирген. Ошону менен бирге арыз ээси мындай түрдѳгү уюштуруу иш-чарасы «башкаруунун президенттик формасы үчүн» үгүт тобунун биринин шайлоо фондусунан каржыланууну талап кыларын, бирок КТРК кѳрсѳтүп жатканда бул видеоматериал кайсы үгүт тобунан каржыланып жатканы кѳрсѳтүлбѳгүндүгүн белгилеген.

Ушуга байланыштуу арыз ээси КТРКнын жетекчилигин жана ушул иш-чараны уюштуруучуну жоопко тартууну суранган.

Жумушчу топтун жыйынында президенттик башкаруу формасы «үчүн» № 3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев катышты, ал үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн кичи автобустарды ижарага алуу 2020-жылдын 30-декабрында түзүлгѳнүн, келишимдин шарты боюнча Аткаруучу келишимдин шарттарын иш жүзүндѳ аткаргандан кийин ар бир автотранспорттун километражы боюнча акы тѳлѳнүүгѳ тийиш экендигин түшүндүрдү.

Ошондой эле Т.К. Саликеев келишимге ылайык флешмобдо пайдаланылган үгүт материалдары жана шарлар ошол эле аткаруучу тарабынан ошол эле шарттарда алып келинүүгѳ тийш экендигин билдирди. Т.К. Саликеев мындай иш-чара менен биринчи ирет алектенип жаткандыгын жана үгүт материалдарында чыгаруу маалыматтары кѳрсѳтүлүшү керектиги ага маалымдалбаганын жана Кыргыз Ресмпубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигин билдирди.

Материалдарды карап, иликтеп чыгып, катышуучулардын түшүндүрмѳлѳрүн угуп Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Бардык басма сөз, укма-көрмө үгүт материалдары мындай материалдарды даярдаган уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин), ушул материалдарга тапшырык берген уюмдун, жеке ишкердин аталышын (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын), аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фонддун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Басма сөз жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратуу башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүсү керек.».

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, «Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузу менен, ошондой эле референдумдун фондунан акы төлөөсүз үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.

Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөөсүз жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузу менен үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.».

Ушуга байланыштуу Жумушчу топ президенттик башкаруу формасы «үчүн» № 3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеев тарабынан «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин нормалары бузулган деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, «Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, -4-категориядагы айып пул салууга алып келет.».

«Ала-Тоо 24» каналында чагылдырууга байланыштуу КТРКнын укуктук маселелер боюнча аткаруучу директору М. Толонов бул иш-чара референдумдун катышуучуларын маалымдоо боюнча иш-чараларардын алкагында чагылдырылгандыгын, КТРКда тигил же бул маселени үгүттѳѳ ниети болбогондугун түшүндүрдү.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, «референдумдун катышуучуларына маалымдоо - референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес».

Ушуга байланыштуу Жумушчу топ референдумга бир гана үгүт тобу ѳткѳргѳн иш-чара жѳнүндѳ маалыматтык материалды чагылдыруу толук кѳлѳмдѳ эмес жарандарын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүсүнѳ кѳмѳктѳшѳт жана шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун («макул», «каршы») каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө» жобонун 3.8.3-пунктуна ылайык «Телерадиоуюмдар, мезгилдүү басма сѳз редакциялары, «макул» тобу, «каршы» тобу жана референдумдун башка катышуучулары тарабынан референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүү тартиби бузулган учурда референдум ѳткѳрүү боюнча комиссия бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берүүгѳ, ошондой эле укукка сыйбаган үгүт ишитерине бѳгѳт коюу жана телерадиоуюмдарды, мезгилдүү басма сѳз редакцияларын жана алардын кызмат адамдарын, «макул» тобун, «каршы» тобун, референдумдун башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ сунуштама менен укук коргоо органдарына, сотко, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга кайрылууга тийиш».

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 20-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 191 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун («макул», «каршы») каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Материалдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык президенттик башкаруу формасы «үчүн» № 3 үгүт тобунун жетекчиси Т.К. Саликеевди жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Маалымдоо шарттарын бузгандыгы үчүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясына эскертүү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-январы

№ 12