11.08.2023 №161 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кадыралиева Ыргал Кармышаковнаны каттоо жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кадыралиева Ыргал Кармышаковнаны каттоо жөнүндө

 

2023-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтү жөнүндө Ы.К.Кадыралиевадан арыз келип түшкөн.

2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо, Ы.К. Кадыралиеваны талапкер катары каттоо үчүн 2023-жылдын 3-августунда керектүү документтери берилген.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун 2023-жылдын 11-августундагы №9-корутундусу менен, Кадыралиева Ы.К. талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына жооп бергендиги аныкталып, аны каттоо боюнча маселе кароого сунушталган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,
8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.

 2...№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ы.К.Кадыралиевага  белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.

3.  Бул чечим «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону өткөрүүдө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 11-августу

№ 161