02.11.2021 №1079 №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

№7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

№7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 13-октябрындагы (кириш № Ф-685) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Сеитов Нурлан Мирбекович катталсын.

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 2-ноябры

№ 1079