02.11.2021 №1067 №10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чодуев Эркинбек Урайымовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чодуев Эркинбек Урайымовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 1-ноябрында (кириш № 02-14/3859) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Чодуев Эркинбек Урайымовичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-октябрындагы №592 чечими менен Урайымова Нурзат Эркинбековнанын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-октябрындагы №588 чечими менен Камилова Гульжамал Адишбековнанын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Урайымова Нурзат Эркинбековнага берилген №455 финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Камилова Гульжамал Адишбековнага берилген №456 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын..
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 2-ноябры
№ 1067