№106 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого айрым актылардын формаларын бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын        7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы


ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:


1.2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссияларынан шайлоо документтерин жана өзүнчө сейф-пакеттерге мөөр басып салынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кабыл алуу – өткөрүп берүү актысынын формасы (1-тиркеме) бекитилсин.
2.Тиешелүү шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесинде турган шайлоочуну идентификациялоо учурунда жабдуунун техникалык бузулуулары жөнүндө актынын формасы (2-тиркеме) бекитилсин.
3.№2 форма боюнча шайлоочу которулган учурдагы бузуу жөнүндө актынын формасы (3-тиркеме) бекитилсин.
4.Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5.Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 12-октябры
№ 106