№104 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун Ош шаарынын Амир - Темур (мурда Он –Адыр) кичи районунда сөз сүйлөгөнү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун Ош шаарынын Амир - Темур (эски аталышы Он –Адыр) кичи районунда сөз сүйлөгөнүнө байланыштуу бир катар даттануулар жана арыздар келип түштү.
2017-жылдын29-сентябрында талапкердин сүйлөгөн сөзүнө даттануу менен Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акун кайрылды.
2017-жылдын 30-сентябрында ушундай даттануулар менен «Элдик сакчы» элдик кошуну коомдук бирикмеси, Ош облусунун Араван районунун коомдук консультациялык кеңеши, Ош шаарындагы № 3 Сулайман – Тоо аймактык кеңешинин тургундары, «Ош облусунун Кара-Кулжа районунун согуштун, эмгектин жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери» коомдук бирикмесинин Президиумунун мүчөлөрү, Ош облусунун Ноокат районунун этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши, Ош облусунун Кара-Суу районунун коомдук консультациялык кеңеши, Баткен облусунун Лейлек районунун коомдук консультациялык кеңеши, Баткен облусунун Баткен шаарынын коомдук консультациялык кеңеши,Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттиги, Жалал-Абад облусунун Кыргызстан калкынын Ассамблеясы, Ош облусунун Өзгөн районунун коомдук консультациялык кеңеши, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши кайрылган.
2017-жылдын 2 жана 3-сентябрында Кара-Көлшаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңеши, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү, Достук, Масы айылдарынын тургундары даттануулар менен кайрылган.
2017-жылдын 4 жана 5-сентябрында өзбек улутундагы элдин атынан Өзгөн шаарынын тургундары, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундары, Ноокен районунун Масы айылынын тургундары, Ош шаарынын тургундары даттануулар менен кайрылган.
Берген даттанууларында арыз ээлери 2017-жылдын 28-сентябрында калкын басымдуу түрдө өзбек улутундагы адамдар түзгөн Ош шаарынын Амир - Темур (эски аталышы Он –Адыр) кичи районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т.Бабановдун шайлоочулар менен жолугушуусу болуп өттү деп көрсөтөт. Шайлоочуларменен жолугушуунун жүрүшүндө Ө.Т. Бабанов тургундарга төмөнкүдөй сөздөр менен кайрылган: «Өзбек калкым, чөгөлөп туруп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы. Баардыгыңар бирге болсоңор, бирөөңөрдү уруп атса бардыгыңар каршы турсаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Бардыгңар өзбек калкына чалгыла, бир туугундарыңарга чалгыла, бир милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет, мен сөз берем».
Арыз ээлеринин пикири боюнча, бул аракеттер, талапкер Ө.Т. Бабанов айткан бул сөздөр бийликке каршылык көрсөтүү элементтерин, улуттар аралык келишпестик элементтерин камтыйт жана эки боордош элдин ортосунда от жагат.
Көрсөтүлгөндөргө байланыштуу, арыз ээлери талапкер Ө.Т. Бабановго карата дээрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катарында анын каттоосун жокко чыгарууга чейин эскертүү чыгаруу түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун 2017-жылдын 30-сентябрындагы даттануусун кароодо, арыз ээсинин далилдерин объективдүү кароо жана иликтөө, аларга баа берүү максатында, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумуна арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбеков чакырылды.
Арыз ээси Турсунбек Акун өз даттануусунда көрсөтүлгөн далилдерди толугу менен жактады. Ошондой эле ал Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунда шайлоочулар менен жолугушууда Ө.Т. Бабановдун үгүт командасында белгилүү юморист Бороончу Кудайбергенов катышканын көрсөткөн. Б.Кудайбергенов элди Ө.Т. Бабановүчүн добуш берүүгө чакырган жана «Казакстандын Президенти Бабановду өзү чакырып Президент боло электе эле келип кетсин деп жатат. Мына ал Кыргызстанга жаңы, жаш Президент келээрин билип чакырып жатат» деп айткан. Бирок Б. Кудайбергеновдун жанында турган Ө.Бабанов чет өлкөлүк саясий ишмерлерди пайдалануу менен үгүт жүргүзүү шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп санала тургандыгын билип туруп, Б.Кудайбергеновду токтотуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес, тескерисинче, жанында жылмайып турган.
Турсунбек Акун ошондой эле 2017-жылдын 28-сентябрында 21.00дө НТС телеканалында талапкерлер Ө. Бабановдун жана Б.Төрөбаевдин Ош шаарынын клубдарынын биринде шайлоочулар менен жолугушуусу көрсөтүлгөн. Шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө талапкер Б. Төрөбаев ошондой эле Ө. Бабановүчүн добуш берүүгө чакырып, Ө.Бабановдун Казакстандын Президенти Н. Назарбаев менен жолугушуусу жана Н. Назарбаев Ө. Бабановду колдой тургандыгы жөнүндө айткан.
Ө.Бабановдуныйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбеков Турсунбек Акундун даттануусунда көрсөтүлгөн сөздөр контекстен бөлүп алынганын жана Ө. Бабанов эч кандай чакырыктарды жасабаганын түшүндүрдү.
Талапкер Ө.Т. Бабановдун сөзүндө улуттар аралык чыр-чатакты тутантууга байланышкан жазык кылмышынын элементтери бар же жоктугу жөнүндө маселени айкындоо максатында Жумушчу топтор тараптар берген видеоматериалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү чечимин кабыл алды.
2017-жылдын 4-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундан арыз келип түштү, анда ал 2017-жылдын 29-сентябрында даттанууну бергенин жана ал боюнча чечим кабыл алынбаганын көрсөткөн. Шайлоо мыйзамдарында арыздарды, даттанууларды кароо мөөнөттөрү белгиленгенин эске алып, Турсунбек Акун ал берген даттанууну маңызы боюнча кароону жана ал боюнча чечим кабыл алууну талап кылган. Андай болбогон учурда ал сот органдарына кайрылаарын билдирген.
2017-жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздукменен комитетинен чыгыш №15/27405 кат келип түшкөн. Катта Комитетбуларды көрсөткөн: «Жөнөтүлгөн материалдар боюнча чечим кабыл алуу үчүн комплекстүү филологиялык-политологиялык жана соттук-видеофонографиялык экспертизалар дайындалды. Ушул учурга карата эксперттердин иши аяктай элек жана алардын корутундусу али келип түшө элек. Буга байланыштуу материалдар боюнча чечим кабыл алына элек. Материалдарды карап чыгуунун натыйжалары  жөнүндө маалыматты кошумча жөнөтөбүз».
Өз кезегинде Турсунбек Акун, «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү жана калган арыз ээлери өздөрү берген даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жана алар боюнча чечим кабыл алуу талабы менен бир нече жолу кайрылды.
Конституциялык Мыйзамда белгиленген даттанууларды (арыздарды) кароонун кыска мөөнөтүн, ошондой эле өздөрү берген даттанууларды кароого арыз ээлеринин талаптарын эске алып, Жумушчу топтор 2017-жылдын 9-октябрында биргелешкен отурумду өткөрдү.
Отурумда Турсунбек Акун, «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү А. Кылычов сөз сүйлөдү, алар талапкер Ө.Т. Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун шайлоочулары менен жолугушууда айткан сөздөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузат деп түшүндүрдү. Арыз ээлери, алардын пикири боюнча, Ө.Т. Бабановдун сөздөрүндө бийликке баш ийбөөгө чакыруу, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу элементтери бар, анткени талапкер Ө.Т. Бабанов өзбек элин чөгөлөп, кысым көрсөтүлгөн абалда  жашайт деп көрсөткөнүн айткан.
Өз сөзүндө «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү 2010-жылы Кадыржан Батыров ушундай сөздөрдү: «Биз канча жыл күттүк, эми тизени көтөрүүгө убакыт жетти» деп айтканын көрсөттү.
Арыз ээлери Ө.Т. Бабановдун өзбек улутундагы адамдарга карата милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кете тургандыгы жөнүндө кайрылуусу бийликке каршы чакыруу болуп саналат, анткени милициянын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп саналат деп көрсөткөн.
Өз сөзүндө «Элдик сакчы» УК КБнын өкүлү  А. Кылычов шайлоочулар менен жолугушуулардын учурунда талапкер                Ө.Т. Бабанов дайыма шайлоочуларды добуш берүү күнү 2017-жылдын                  15-октябрында добуш берүүүчүн участокко кечинде келүүгө жана шайлоонун натыйжаларын коргоп калууга чакырат деп көрсөтөт. Арыз ээсинин пикири боюнча, талапкер Ө.Т. Бабановдун ушундай сөздөрүн шайлоо комиссияларынын ишине кысым көрсөтүү катары баалоого болот. Арыз ээси мындай сөздөр добуш берүү күнү учатоктордо тартипсиздиктерге жана дестабилдешүүгө алып келиши мүмкүн деп көрсөткөн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Б. Ирискулбеков Ө.Т. Бабановдун сөздөрү контексттен бөлүп алынган жана Борбордук шайлоо комиссиясынын бул маселени кароого ыйгарым укугу жок, ал бардык даттанууларды жана арыздарды аларга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүүгө тийиш деп көрсөткөн.
Арыз ээлери укук коргоо органдары өзү компетенциясынын алкагында жазык ишин козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө маселени чечүүгө тийиш экендигин көрсөтүп, иштерди укук коргоо органдарына жөнөтүүгө каршы чыгышты. Ал эми шайлоо процессинин алкагында жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени түздөн-түз Борбордук шайлоо комиссиясы чечүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясыкелип түшкөн даттанууларды жана арыздарды, материалдарды, арыз ээлеринин жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрсөтүүлөрүн иликтеп чыгып, арыз ээлеринин талаптары төмөнкүдөй негиздер боюнча канааттандырылууга тийиш деген тыянакка келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнөылайык, улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 7.5-пунктунда үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер үгүт иш-чараларын көйгөйлөр түзүлүштү өзгөртүүгө, мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, улуттук жана диний жек көрүүчүлүктү тутантууга, согушту жана зомбулукту пропагандалоого карата чакырык жана башка тыюу салынган чакырык максатында пайдаланууга тийиш эмес деп белгиленген.
Берилген материалдардан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабанов шайлоочуларга кайрылып, «Өзбек элим» деп, ошонун өзү менен аны менен жолугушууга келген шайлоочулардын этноско таандык болушун өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Мында талапкер өзбек элине чөгөлөп туруп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы деген сөздөрдү айтты. Ошонун өзү менен                      Ө.Т. Бабанов өзбек улутундагы жарандар кысымга алынган абалда турат деп жатат. Бул ири өзбек коомчулугу жашаган Он-Адырда айтылганын эске алып, бул лозунг провокациялык мүнөздө.
Талапкер Ө.Т. Бабановдун «Баардыгыңар бирге болсоңор, бирөөңөрдү уруп жатса бардыгыңар каршы турсаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда сел болуп агызып кетет. Бардыгңар өзбек калкына чалгыла, бир туугундарыңарга чалгыла, бир милиция бир өзбек калкына чалгыла, бир туугандарыңарга чалгыла бир милиция бир өзбек калкына тийишсе ал кызматынан кетет, мен сөз берем» деген сөздөрү бул учурда эки ача мааниде. Бул учурда сөз биринчи кезекте бийликтин өкүлдөрүнө – милициянын кызматкерлерине баш ийбөөжөнүндө жүрүп жатканын эске алып, бул сөздөрдү баш ийбөөгө кыйыр чакырык катары баалоого болот.
ТалапкерӨ.Т. Бабановдун көрсөтүлгөн сөзүнө байланыштуу өлкөнүн калкынын арасында нааразычылык толкуну пайда болду. Өлкөнүн бардык региондорунун тургундары, анын ичинде өзбек улутундагы адамдар Ө.Т. Бабановдун айткан сөздөрүнө өздөрүнүн ачык нааразычылыктарын билдирди. Өз сөздөрүндө адамдар Ө.Т. Бабанов өз сөзү менен 2010-жылдагы каргашалуу окуялардан кийин жаңыдан айыгып келаткан жараны кайра тырмап жатат деп белгилөөдө.
Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү эң жогорку кызмат ордуна – Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын жараны үчүн мындай сөздөрдү айтуу жол берилгис, татыктуу эмес жана алгылыктуу эмес деп эсептейт.
Өзүн бүтүндөй мамлекеттин башчысы катары көргөн өлкөнүн жараны катары Ө.Т. Бабанов бардык өзүнүн айткан сөздөрүн жана аракеттерин аңдап-түшүнүүгө, өзүнүн ар бир сөзүн таразалап жана акыл-эстүү мамиле кылууга, биринчи кезекте мамлекеттин жана анда жашаган элдердин бүтүндүгү жана стабилдүүлүгү жөнүндө ойлонууга тийиш. 2010-жылдагы окуялардан кийин эки боордош элдин ортосундагы мамилелерди кандай эмгек жана кыйынчылык менен калыбына келтире алганыбызды билип, талапкер шайлоо алдындагы үгүттүн жүрүшүндө шайлоочулардын добуштарын алуу максатында элди бөлүп-жаруугажана өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылууга алып келүүчү ыкмаларды колдонууга тийиш эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясыошондой эле талапкер Ө.Т. Бабанов дайыма шайлоочуларды добуш берүү күнү 2017-жылдын 15-октябрында добуш берүүүчүн шайлоо участогуна кечинде келүүгө жана шайлоонун натыйжаларын коргоп калууга чакырган сөздөрүнө өзүнүн кооптонуусун билдирет.
Чыныгы демократиялык, ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте эбегейсиз зор ишти жүргүзүп жатат. Шайлоопроцессине эң жаңы технологиялар: шайлоочуларды манжаларынын издери жана бетинин параметрлерибоюнча идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу менен шайлоочулардын добуштарын автоматтык эсептөө, шайлоочулар АЭУнун маалыматтары менен, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор менен түздөн-түз сайтта тааныша алышы үчүн ар бир участокто добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду сканерлөөнүн жана борбордук серверге жөнөтүүнүн жаңы жол-жобосу киргизилди. Шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын иш жүзүндө эч бир шартта бурмалоо мүмкүн эмес. Бул талапкер Ө.Т. Бабановго да жакшы белгилүү.
Ушундан улам, Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Т. Бабановдун шайлоочуларга добуш берүү күнү участокторго кечинде келүүгө чакырыгын добуш берүү күнү олку-солку кылуу аракети катары кабылдайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ортосундагы шайлоо алдындагы күрөштүн ыкмалары жана методдору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жана шайлоочулардын эркине кысым көрсөтүү аракеттери болбостон, талапкерлердин ортосундагы жакшы атаандаштык жагдайында өтүүгө тийиш деп эсептейт.
Көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Ө.Т. Бабанов тарабынан шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузуу орун алган деп эсептейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алган № 89 чечим менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлерге өзүнүн үгүт кампаниясында чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин пайдалануунун жол берилгистиги, ал жазуу жүзүндөгү эскертүүгө жана талапкердин каттоосун жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө эскерткенин белгилейт.
Бирок Турсунбек Акундун даттануусунан жана Он-Адыр кичи районундагы шайлоочулар менен жолугушуунун берилген видеосунан жолугушууда Б. Кудайбергенов сөз сүйлөгөнү, өз сөзүндө ал талапкер               Ө.Т. Бабановду колдоп, Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев Ө.Т. Бабановду колдой тургандыгын айтканы көрүнүп турат. Мында жанында турган талапкер Ө.Т. Бабанов үгүт кампаниясында чет мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлерин пайдаланууга тыюу салына тургандыгы жөнүндө билип туруп, Б. Кудайбергеновду токтотуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес.
Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сөздөр контексттен алынгандыгы жөнүндө далилдери жагынан Борбордук шайлоо комиссиясы Ө.Т. Бабановдун өзүнүн штабы жарыялаган видеодо талапкер Ө.Т. Бабанов ошол эле сөздөрдү айтып жатканын белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүтжүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 9.8-пунктуна ылайык талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жөнүндө талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү жасоого укуктуу.
Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 9-октябрындагы биргелешкен чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун,«Элдик сакчы» ЭК КБнын, Ош облусунун Араван районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Ош шаарындагы № 3 Сулайман – Тоо аймактык кеңешинин тургундарынын, «Ош облусунун Кара-Кулжа районунун согуштун, эмгектин жана күч түзүмдөрүнүн ардагерлери» коомдук бирикмесинин Президиумунун мүчөлөрүнүн, Ош облусунун Ноокат районунун этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Баткен облусунун Лейлек районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Баткен облусунун Баткен шаарынын коомдук консультациялык кеңешинин,Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин, Жалал-Абад облусунун Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын,Ош облусунун Өзгөн районунун коомдук консультациялык кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы этностор аралык мамилелер коомдук консультациялык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү, Достук, Масы айылдарынын тургундарынын, өзбек улутундагы элдин атынан Өзгөн шаарынын тургундарынын, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын, Ноокен районунун Масы айылынын тургундарынын, Ош шаарынын тургундарынын арыздары канааттандырылсын.
2.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановго үчүнчү жазуу жүзүндөгү эскертүү жасалсын.
3.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н. Т. Ариповго жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтунжетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкекш., 2017-жылдын 10-октябры
№ 104