08.02.2022 №143 №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер Таалайбек Самудинович Токтокожоевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

2022-жылдын 7-февралында №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Самудинович Токтокожоевдин мурда сунуш кылган каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.Ж. Байдавлетовнаны дайындоо жөнүндө билдирди «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 2-февралындагы №133 чечими менен №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Самудинович Токтокожоевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Джамиля Сагыналиевна Бакбаеванын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, талапкер Т.С. Токтокожоевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Д.С.Бакбаевага берилген №101 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №27 Биринчи май округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.С. Токтокожоевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Байдавлетова Айгерим Жаркынбековна катталсын.    

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

                                         

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 8-февралы

№ 143