Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 06.09.2023 №207 «Дрим Хаус курулуш компаниясы» ЖЧК нын …

06.09.2023 №207 «Дрим Хаус курулуш компаниясы» ЖЧК нын ишеним кат боюнча ѳкүлү И.С. Маматалиеванын талапкер Т.Ж. Кермалиевге карата арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

 

«Дрим Хаус курулуш компаниясы» ЖЧК нын ишеним кат боюнча ѳкүлү И.С. Маматалиеванын талапкер Т.Ж. Кермалиевге карата

арызы жѳнүндѳ

 

2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) «Дрим Хаус курулуш компаниясы» ЖЧК нын ишеним кат боюнча ѳкүлү И.С.Маматалиевадан арыз келип түшкѳн.

Арыз ээси, Бишкек шаарындагы «Ынтымак» турак жай конушунун Магистральная кѳчѳсү №7 дареги боюнча жайгашкан кѳп кабаттуу кѳп батирлүү турак үй курулуш компаниянын объектилеринин бири болуп санала тургандыгын билдирген. 2023-жылдын 27-августунда талапкер Т.Ж. Кермалиев башчылык кылган «Ынтымак» турак жай конушунун тургундары турак үйдүн аймагында чогулуш-митинг ѳткѳрүшкѳн. Талапкер Кермалиев Таалайбек Женишович ѳзүнүн абалынан пайдаланып, курулуштун аймагында чогулуш жана митинг уюштуруп, тургундарды бүлүккѳ түшүрүп, ѳзүнүн укугун кыянатчылык менен пайдалануу менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин бузуп жатат деп эсептейт. Ошондой эле чогулуш ѳткѳрүлгѳндѳн кийин компаниянын кардарлары үлүштүк курулуш келишимин бузгандыгына байланыштуу, компания материалдык зыянга учурагандыгы жана компанияны дискредитациялоо менен Т.Ж. Кермалиев Ленин округунун потенциалдуу шайлоочуларынын алдында упай алып жаткандыгы кѳрсѳтүлгѳн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Т.Ж. Кермалиевди №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодон алып коюу жѳнүндѳ маселени кароону ѳтүнгѳн.

2023-жылдын 4-сентябрында мурда келип түшкѳн арызга тиркеме катары арыз ээси И.С. Маматалиевадан видеоматериал келип түшкѳн.

Ар тараптуулук жана калыс кароо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна талапкер Т.Ж. Кермалиев жана анын ыйгарым укуктуу ѳкүлү М.А. Тургумбаева, ошондой эле арыз ээси И.С. Маматалиева чакырылган, кѳрсѳтүлгѳн адамдар катышууга мүмкүнчүлүгү жоктугу жѳнүндѳ билдиришкен.

Келип түшкѳн арызды карап чыгып, жумушчу топтун чечимин эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

Жумушчу топ тарабынан, талапкер Т.Ж. Кермалиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу үчүн негиз болгон тиркелген видеоматериалдар каралган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ талапкердин каттоосун жокко чыгаруу үчүн негиздер каралган.

Тиркелген видеоматериалдагы Т.Ж. Кермалиевдин аракеттеринде анын каттоосун жокко чыгарууга шайлоо мыйзамдарында белгиленген негиздер жок.

Демек, курулуш жеринде талапкердин болуусу, ошондой эле үгүттѳѳнүн белгилери жок митинг-чогулушта сѳз сүйлѳѳсү талапкердин конституциялык жоопкерчилигин кароо үчүн негиз болуп саналбайт, ал эми материалдык зыян келтирүү боюнча жоопкерчиликти кароо укук коргоо жана сот органдарынын компетенциясына кирет.

Ушуга байланыштуу талапкер Т.Ж. Кермалиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу «Дрим Хаус курулуш компаниясы» ЖЧК нын ишеним кат боюнча өкүлү И.С. Маматалиеванын арызы канаатандырылууга жатпайт.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Дрим Хаус курулуш компаниясы» ЖЧК нын ишеним кат боюнча ѳкүлү И.С. Маматалиеванын арызы боюнча талабын канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 6-сентябры

№207