Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 05.07.2024 №246 №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу …

05.07.2024 №246 №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ келип түшкѳн мыйзам бузуулар тууралуу арыздар жана билдирүүлѳр боюнча кабыл алы

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (мындан ары - БШК) жыйынтыктоочу жыйынында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (мындан ары – ЫЧКТ) маалыматы, ошондой эле №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө БШКга келип түшкөн бузуулар боюнча Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт тартиби боюнча жумушчу топтун маалыматы угулду.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү: Ош облусунун прокурорунун орун басары А.Т.Сегизбаев, Ноокат районунун прокурорунун орун басары Р.А.Жумабаев, Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Т.Айдарканов, ошондой эле № 5 Ноокат округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер К.О.Кыланов, А.Т.Абдивалиев, Э.А.Кудайбердиев, К.А.Абдыкеримов, талапкер Э.А.Кудайбериевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Ажыматов жана Ноокат ОШКнын төрагасы В.М.Гиниятулина катышты.

Шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Т.О. Айтикеевдин маалыматы угулду, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тобунун билдирүүсүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы №242 чечими менен №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо участкаларында добуштарды кайра эсептѳѳ жөнүндө чечим кабыл алынган.

Т.О.Айтикеев БШКнын мүчөсү М.Д.Наспековдун катышуусунда 2024-жылдын 4-июлунда жогоруда аталган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо жүргүзүлгөнүн билдирди.

№5 Ноокат округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К.О.Кыланов ага участкалык шайлоо комиссияларында добуштарды кайра саноонун тартиби жана шарттары түшүндүрүлгөнүн билдирди. Ал ошондой эле добуштарды кайра саноонун жыйынтыгы менен макул экенин жана эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

Ноокат ОШК төрагасы В.М.Гиниятулина участкалык шайлоо комиссияларынын добуштарын кайра саноонун протоколдорунун маалыматтары боюнча көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары өзгөрбөгөндүгү жөнүндө билдирди. Буга байланыштуу 2024-жылдын 4-июлунда Ноокат округдук шайлоо комиссиясы №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду эске алуу менен, №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

№5 Ноокат округунда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топ тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын маалыматы угулду.

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 26 билдирүүлөр келип түшкөн.

БШК жана ОШК тарабынан мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чаралар:

- №5 Ноокат округу боюнча 47500 сом жалпы суммадагы айып пул түрүндө эскертүү берилген - шайлоо процессинин 6 катышуучусу;

- 5 даттануу жана кайрылуу боюнча арыз канааттандыруусуз калтырылган;

- 1 арыздын негизинде талапкерге эскертүү берилди;

- №5 Ноокат округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Абдивалиевдин, С.Төлөнбаевдин, К.Кылановдун, Э.Кудайбердиевдин жана Б.Ажыгуловдун 1 жамааттык арызы боюнча №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 УШКларда добуштарды кайра саноо жүргүзүлгөн.

№5 Ноокат округу боюнча шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы С.Б.Макиловдун маалыматы угулду.

С.Б.Макилов №5 Ноокат округу боюнча ЭЖУИге 46 материал катталганын билдирди, анын ичинен:

- добуштарды сатып алуу боюнча 13 материал;

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу жөнүндө
20 материал;

- административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча
4 материал;

- добуш берүү укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча
9 материал.

46 материалдын ичинен №5 Ноокат округу боюнча тѳмѳндѳгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер текшерилди:

- талапкер Б. Марипов боюнча 21 материал тууралуу.

- талапкер К. Кыланов боюнча 2 материал тууралуу.

- талапкер Б. Ажыкулов боюнча 1 материал тууралуу.

- талапкер А. Абдивалиев боюнча 6 материалтууралуу.

Ноокат районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен бардык 46 материал боюнча КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ошондой эле, Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан чыгарылган чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

№5 Ноокат округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.А.Кудайбердиев З. Сулайманкулованын арызы текшерүүнүн кайсы стадиясында экенин жана арыз боюнча кандай чаралар көрүлгөндүгүн сурады.

Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Т.Айдарканов 2024-жылдын 30-июнунда З.Сулайманкулованын арызы боюнча маалымат ЭЖУИде №02-040-2024-001367 менен катталгандыгын билдирген.

ЭЖУИ №02-040-2024-001367 материалдарынын негизинде Ноокат районунун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жок болгондугуна» байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Ноокат районунун прокурорунун орун басары Р.А.Жумабаев №02-040-2024-001367 ЭЖУИ материалдарынын негизинде прокуратура текшергенин билдирди, жыйынтыгы боюнча тергөө органынын чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган. Ошондой эле, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан тергөө органдарынын бардык 46 токтому текшерилген, жыйынтыгында чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган.

Мындан тышкары, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан КК ЖоКтун 437-беренесинин 2-бөлүгү менен (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) Кызыл-Кыштак маданият үйүнүн директору Ж.Айтиевге карата 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом) өлчөмүндө айып салуу жөнүндө №01-01-040-01-8-000150 административдик протокол түзүлгөн.

Укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан алынган маалыматка караганда, бардык келип түшкөн арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү шайлоо мыйзамдарын бузуулар жѳнүндѳ жана/же талапкерлердин мындайларга катыштыгы бар экендиги тууралуу каралбай калган материалдар жок.

Шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу арыздар жана билдирүүлѳр боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралдагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иштѳѳ тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жана арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматы эске алынсын.

2. Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча кабыл алынган чаралар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтынын «2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча арыздардын жана мыйзам бузуулардын реестри» бөлүмүндө жарыялансын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У.Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 5-июлу

№246