Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.07.2024 №244 №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу …

04.07.2024 №244 №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ келип түшкѳн шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу арыздар жана билдирүүлѳр б

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2024-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (мындан ары - БШК) жыйынтыктоочу жыйынында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жөнүндө Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (мындан ары – ЫЧКТ) маалыматы, ошондой эле №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө БШКга келип түшкөн бузуулар боюнча Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматтары угулду.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын ИИМ Тергөө кызматынын башчысы А.А.Дүйшөналив, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ башчысы У.К.Аалиев, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ башчысынын орун басары А.Абдрахманов. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ башчысы У.Э.Эрматов, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокурорунун орун басары У.Ж.Жеңишов, КР УКМКнын Свердлов райондук бѳлүмүнүн кызматкери А.Абдыкалыков, ошондой эле Свердлов ОШК төрагасы Б.А.Конуров катышты.

№29 Свердлов округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүршүндѳ арыздарды жана даттанууларды кароо, келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар, маалымат маселелери жана үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери боюнча укук коргоо органдары жана жумушчу топ тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, ЫЧКТнын координатору Т.У.Шайназаровдун маалыматы угулду.

Жалпысынан №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 16 билдирүү келип түшкөн. Алардан:

- БШКнын ыкчам чара кѳрүү координациялык тобуна – 9;

-шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымат маселелери жана үгүт жүргүзүүнүн эрежелери боюнча Жумушчу топко – 7.

Келип түшкөн арыздардын, кайрылуулардын, сигналдардын мүнөзү:

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн щшарттарын бузуу – 7;

- шайлоочу өз бюллетенин сүрөткө тартып алганы жѳнүндѳ – 4;

- шайлоочуларды ташуу мүмкүндүгү жөнүндө – 1;

- шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча – 1;

- башка укук бузуулар боюнча - 3.

БШК жана ОШК тарабынан мыйзам бузуулар боюнча көрүлгөн чаралар:

- 2 арыз жана кайрылуу боюнча мыйзам бузуулар четтетилди;

- 3 даттануу жана кайрылуу боюнча арызды канааттандыруудан баш тартылды;

- 3 даттануу жана кайрылуу боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө жана шайлоо процессинин субъекттерине жалпы суммасы 22 500 сом айып салынды.

№ 29 Свердлов округу боюнча шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө КР ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы А.А.Дүйшеналиевдин маалыматы угулду.

А.А.Дуйшеналиев №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 10 материал катталганын белгиледи. Анын ичинен бир материалдын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча №03-003-2024-001903 кылмыш иши козголгон. №03-003-2024-001903 материалдарынын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнин ТК тергөөгө чейинки текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Мындан тышкары, ошондой эле бардык 9 материал боюнча КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылганы белгиленди.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун орун басары У.Ж. Жеңишов прокуратура бардыгын текшергендигин билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын бардык 10 чечимине текшерүү жүргүзүлгѳндүгүн, натыйжада ал чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылгандыгын билдирди.

Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын маалыматтары боюнча, арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү шайлоо мыйзамдарын бузуулар жѳнүндѳ жана/же талапкерлердин мындайларга катыштыгы бар экендиги тууралуу каралбай калган материалдар жок.

Шайлоо мыйзамдарын бузуулар тууралуу арыздар жана билдирүүлѳр боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралдагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) иштѳѳ тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жана Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун маалыматтары эске алынсын.

2. Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча кабыл алынган чаралар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтынын «2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча арыздардын жана мыйзам бузуулардын реестри» бөлүмүндө жарыялансын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У.Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 4-июлу

№244