04.05.2024 №104 №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж. Караевдин арызы жѳнүндѳ, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүн
2024-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) жыйынтыктоочу жыйынынын алкагында №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж.Караевдин 2024-жылдын 30-апрелиндеги№ 12/736 арызы каралды.
Жыйындын жүрүшүндө арыз ээси Э.Ж. Караев округда шайлоо мыйзамдарын одоно бузуулар көп болгонун, ага карата чара көрүлбөгөндүгүн айтып, ушуга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округуна кайра шайлоо дайындоо боюнча ѳз позициясын билдирген.
Жыйынга укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ѳкүлдѳрү: Кыргыз Республикасынын ИИМ тергөө кызматынын бѳлүм башчысы С.Б.Макилов, Ош шаардык ИИБ тергөө кызматынын башчысы К.А.Тургуналиев, Ош шаарынын прокурорунун орун басары З.А.Тойчубаев, Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы К.Ж.Насипов, Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкери А.Молдоалиев, Кара-Суу райондук ИИБ башчысынын орун басары М.А.Мусаев, Ош облусунун прокурорунун орун басары А.Т.Сегизбаев, Кара-Суу районунун прокурорунун орун басары С.Т.Чыбышев, Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары боюнча Кара-Суу району жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Б.Ы.Кожаналиев катышты.
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу билдирүүлөр жана арыздар боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун (мындан ары - ЫЧКТ) маалыматы угулду.
Кыргыз Республикасынын ИИМ тергөө кызматынын башчысы С.Б.Макилов талапкер Э.Ж.Караевдин арызы боюнча №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу келип түшкөн бардык билдирүүлөр жана арыздар боюнча укук коргоо органдары тарабынан иш жүргүзүлүп, юридикалык баа берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат берди.
Ош шаардык прокуратурасы тергөө органдарынын чечимдерин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.
Ош ОИИБнин тергөө кызматынын башчысы К.А.Тургуналиевдин маалыматына ылайык мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ 26 шайлоо мыйзамдарын бузуулар жѳнүндѳ билдирүү келип түшкѳн.
Ош шаарынын ИИБ тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 24 материалдын негизинде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бир материал 2024-жылдын 28-апрелиндеги №03-041-2024-000190 кылмыш ишине кошулган.
2024-жылдын 28-апрелинде Ош шаардык ИИБ тергөө кызматы тарабынан №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Эргешовго карата добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин негизинде №03-041-2024-000190 бир кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Ош шаарынын прокурорунун орун басары З.А.Тойчубаев Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Эргешов тарабынан административдик ресурсту кыянатчылык менен пайдалануу фактылары боюнча 1 материал№02-141-2024-000095 катталганын билдирди. Текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы К.Ж.Насипов текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын бардык чечимдери мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылгандыгын билдирди.
Укук коргоо органдарынан жана прокуротура органдарынан алынган маалыматка ылайык, бардык келип түшкөн арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Добуш берүүнүн натыйжаларына же шайлоочулардын эркин билдирүүгѳ таасир этүүчү шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды бузуулар тууралуу каралбаган материалдар жок.
Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын маалыматын угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат, ошондой эле №03-041-2024-000190 жана №02-141-2024-000095 соттко чейинки ѳндүрүштѳр боюнча маалымат эске алынсын.
2. Шайлоо процессинин алкагында өз убагында чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына келип түшкөн билдирүүлөргѳ, арыздарга жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча көрүлгөн чараларга толук талдоо жүргүзүү жана бардык материалдар боюнча текшерүүнү аяктоо сунушталсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТѲРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 4-майы
№104