Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 03.10.2024 №287 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү …

03.10.2024 №287 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө

 

 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайыңдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыгынын 5-пунктунун экинчи абзацын аткаруу боюнча, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилүүнүн тартиби жөнөндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас шаарларында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкалары тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүшсүн.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электроэнергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүшсүн.

4. Тийешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкалары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

5. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТѲРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 3-октябры

№ 287