03.07.2024 №242 №5 Ноокат округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Абдивалиевдин, С.Төлөнбаевдин, К.Кылановдун, Э.Кудайбердиевдин, Б. Ажыкуловдун арызы жѳнүндѳ

2024-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына А.Абдивалиев, С.Төлөнбаев, К.Кыланов, Э.Кудайбердиев, Б.Ажыкуловдордон арыз келип түшкөн.

Арызда 2024-жылдын 30-июнунда болжол менен саат 19:30да бир нече УШКда электр энергиясы өчүрүлүп, саат 20:20да электр жарыгы кайра берилгени айтылат. Ушул тапта, арыз ээлеринин айтымында, №5 Ноокат бир мандаттуу округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Мариповдун добуштары кескин көбөйгөн. Жогоруда айтылгандардын негизинде алар бул фактыны текшерип, добуштарды санап чыгууну суранышат.

2024-жылдын 3-июлунда арыз Жумушчу топтун жыйынында арыз ээлери А.Абдивалиевдин, С.Төлөнбаевдин, К.Кылановдун, Э.Кудайбердиевдин, Б.Ажыкуловдун катышууда каралган.

Жумушчу топтун жыйынында арыз ээлери шайлоо күнү Ноокат районунда 30 мүнөттөй электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, алардын пикири боюнча, бул добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн экенин айтышты. Бирок Ноокат электр бөлүштүрүүчү зонанын башчысы У. Мурзамудин уулу билдиргендей, электр энергиясы өчүрүлгөн учурда да генераторлор иштеген. Эсептөө учурунда АЭУнун иши токтобой, маалыматтарды берүү өз убагында аткарылганы белгиленди. Талапкерлер натыйжаларды так аныктоо үчүн дагы 5 шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо сунушун киргизишти. Буга байланыштуу №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо участкаларында добуштарды кайра санап чыгууну суранышууда.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 36-беренесинин 7- бѳлүгүнѳ ылайык: «Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбестиктер табылган же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра саноону жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра саноодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышып турууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага «Добуштарды кайра саноо» деген белги коюлат. Протокол токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт».

Кароонун жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ тарабынан 5 шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо боюнча сунушту БШКнын жыйынына кароого киргизүү чечими кабыл алынды.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. А.Абдивалиевдин, С.Төлөнбаевдин, К.Кылановдун, Э.Кудайбердиевдин, Б.Ажыкуловдун №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра саноо жѳнүндѳгү арызы канааттандырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Д.Наспеков добуштарды кайра саноого катышууга жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 3-июлу

№242