Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасы боюнча ЕКПАнын баяндамачысы Мариэтта Караманли менен жолугушту
05.06.2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасы боюнча ЕКПАнын баяндамачысы Мариэтта Караманли менен жолугушту

Бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) депутаты, Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы Мариэтта Караманли менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле ЕКПАнын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин катчысы Евген Шоенфиелд, Кыргыз Республикасынын Француз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Руслан Бекболотов, КР БШКсынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, шайлоо системасын өнүктүрүү, шайлоо процесстеринин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, гендердик өкүлчүлүк, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Мариэтта Караманли эл аралык байкоо миссияларынын отчетторунда белгиленген шайлоолордун техникалык камсыздалышына берилген оң бааларды белгилеп, өлкөдө шайлоо технологияларын мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди. Суроолорго жооп берип, Тынчтык Шайназаров 2025-жылдагы парламенттик шайлоого 58 мамлекеттен келген 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салганын маалымдады. Ал Кыргыз Республикасы шайлоо процессинин ачыктыгы жана айкындуулугу принциптерин туруктуу карманып келерин, ошондой эле эл аралык байкоочулардын ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун соңунда Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берүү үчүн колдонулуучу жабдуулардын иштөө тартибин көрсөтүп, анын техникалык өзгөчөлүктөрү жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп,  төрага жана анын орун басарлары шайланды
03.06.2026

КР БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды

Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өттү. КР БШКнын жаңы курамынын алгачкы жыйынына Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев жана Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмасбек  Абытов  катышып,  Жогорку Кеңештин токтомун, ошондой эле жаңы шайланган мүчөлөрдү эмгек жамаатына тааныштырды. Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Мамырова Бөдөш Аманбаевна ачты. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы 8 мүчөдөн турат. Ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамга ылайык, биринчи жыйналышта төрага жана анын орун басарлары шайлоо тартибинде тандалат. БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Шайназаров Тынчтык Урайимович 8 добуш менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле Жакышов Русланбек Шергазиевич жана Лурова Лейла Хияновна бир добуштан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев КР ЖК Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин катышуучулары үчүн «Жаш кадрлар мектеби» долбоорунун алкагында лекция өткөрдү
02.06.2026

КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев КР ЖК Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин катышуучулары үчүн «Жаш кадрлар мектеби» долбоорунун алкагында лекция өткөрдү

Бүгүн, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин катышуучулары үчүн лекция өткөрдү. Иш-чара «Жаш кадрлар мектеби» долбоорунун алкагында уюштурулду. Жолугушуунун башында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун эксперттери катышуучуларга кириш тестин сунуштап, жаш активисттердин шайлоо укугу жана шайлоо процесстери боюнча баштапкы билим деңгээлин баалашты. Андан соң Узарбек Жылкыбаев лекция окуп, шайлоо мыйзамдарынын негизги жоболорун, шайлоо комиссияларынын ишинин принциптерин жана шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуу механизмдерин кеңири түшүндүрүп берди. Жаштардын шайлоо процесстерине активдүү жана аң-сезимдүү катышуусунун маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Лекциянын соңунда катышуучулар жыйынтыктоочу тесттен өтүштү. Натыйжаларды салыштырмалуу талдоо жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрдүн баштапкы көрсөткүчтөргө караганда кыйла жогору болгонун көрсөттү. Бул өткөрүлгөн сабактын натыйжалуулугун жана материалдын жакшы өздөштүрүлгөнүн айгинелейт. Жаштар кеңешинин катышуучулары жолугушуунун практикалык пайдасын белгилеп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты жана алган билимдерин коомдук ишмердүүлүгүндө колдонууга даяр экендиктерин билдиришти. Маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңеши 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун демилгеси менен түзүлгөн. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев кол койгон. Кеңеш мыйзам чыгаруу процесстерине активдүү жаштарды тартуу, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жана мамлекеттик кызмат үчүн кадрдык резервди калыптандыруу максатында түзүлгөн консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Ошондой эле ал парламент менен жаштардын ортосундагы диалогду камсыз кылууга жана жаштардын демилгелерин мыйзам чыгаруу деңгээлинде илгерилетүүгө багытталган.  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда 1300дөн ашуун жаран санариптик сабаттуулук жана “Кыргыз жараны” баалуулуктары боюнча окутулду
29.05.2026

Кыргызстанда 1300дөн ашуун жаран санариптик сабаттуулук жана “Кыргыз жараны” баалуулуктары боюнча окутулду

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калкты системалуу окутуу улантылууда. 2026-жылдын 12-майынан 29-майына чейин “Кыргыз жараны” баалуулуктарын жайылтуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча семинарлар Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, ага 1300дөн ашуун жаран катышты. Семинарлар КР БШКнын аймактардагы атайын өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү менен өткөрүлүүдө. Алардын негизги милдети — шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын укуктук маданиятын көтөрүү. Системалык администраторлорго комиссиянын аймактык атайын өкүлдөрү — Кожобергенов Нурболот (Кара-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясындагы БШКнын атайын өкүлү) жана Кусеинова Роза (Түп аймактык шайлоо комиссиясындагы БШКнын атайын өкүлү) уюштуруучулук жана усулдук жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Май айынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү төмөнкү аймактар көрсөттү:  Жалал-Абад облусунун Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары жана Сузак району;  Ош облусунун Ош шаары жана Чоң-Алай району;  Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаарлары жана Түп району;  Нарын облусунун Кочкор жана Ак-Талаа райондору;  Талас шаары. Жогорудагы окутуулардын негизги максаты — заманбап санариптик куралдарды ишенимдүү колдонгон, активдүү жана жоопкерчиликтүү “Кыргыз жараны” коомчулугун калыптандыруу.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
28.05.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майдагы жыйынында Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Бишкек шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шананов Алмаз Абылкасымовичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Токмок шаардык кеңешинин депутаты Абдимуталипов Алтынбек Абдимуталиповичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Нурлан уулу Байзакка (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Толобаев Куанычбек Ганыевичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдираимов Байышбекке (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңешинин депутаты Касымова Назгуль Жаманкуловнанын ыйгарым укугу жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Анарбаева Алтынбу Курванбековнага өткөрүлүп берилди; - Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңешинин депутаты Умарова Клара Мамиржановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Альярова Гульчехра Абдыганиевнага өткөрүлүп берилди; - Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Арыкбаева Гүлжамал Акжоловнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Азимбекова Нодира Абдукаримовнага өткөрүлүп берилди; - Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаты Быржыева Жазира Майрамбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мадраймова Айгүл Кушчубаевнага өткөрүлүп берилди; - Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаты Окен уулу Шумкарбектин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Апазов Айтмамат Садыковичке өткөрүлүп берилди; - Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айылдык кеңешинин депутаты Жолдошова Бактыгүл Болотбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чымынов Эрмамат Суранбаевичке өткөрүлүп берилди. ​​​​​​​
Кененирээк билүү >>
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
28.05.2026

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майда “Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомун кабыл алды. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Арзалиев Шермамат Арзалиевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Таалайбек уулу Бекжан (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 28-майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
28.05.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 28-майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 28-майы Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы   “Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору (баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы) “Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору (баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Курман айт майрамы менен куттуктайт!
27.05.2026

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Курман айт майрамы менен куттуктайт!

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Курман айт майрамы менен куттуктайт! Курман Айт - адамзатка мээримдүүлүк, сабырдуулук жана боорукерлик сыяктуу асыл баалуулуктарды даңазалаган ыйык майрамдардын бири. Бул күн адамдарды ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө, кечиримдүүлүккө жана кайрымдуулукка үндөп, коомдогу биримдикти бекемдейт. Ушул ыйык майрамда айтылган бардык ак тилектер орундалып, ар бир үйгө ырыскы, оомат жана кут-береке кирсин! Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, өлкөбүз гүлдөп, өнүгө берсин. Айтыңыздар маарек болсун!
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маселеси талкууланды
26.05.2026

КР БШКда майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү маселелерине арналган кеңешме өткөрүлдү. КР БШКнын майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А. Жумалиева, мыйзам талаптарына ылайык, шайлоо участкаларында зарыл шарттарды түзүү, маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер боюнча маалымат берди. Жумушчу топтун ишине Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК), ЭЛТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган “Эгль” уюмунун өкүлдөрү катышты. Кеңешмеде майыптыгы бар жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү боюнча кабарландыруу, талапкерлер жана алардын программалары менен тааныштыруу, мамлекеттик телеканалдардагы дебаттарда, кайрылууларда укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө), өзгөчө жаңсоо тилин (сурдокотормо) колдонуу сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда КР БШКнын Жумушчу тобу менен мамлекеттик телеканалдардын өкүлдөрү майыптыгы бар жарандарга маалыматтык колдоо көрсөтүү жана шайлоого катышуунун активдүүлүгүн жогорулатуу максатында биргелешип иш алып барууну макулдашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Беларусь Республикасында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда
22.05.2026

КР БШКнын өкүлдөрү Беларусь Республикасында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда

КР БШКнын өкүлдөрү Беларусь Республикасынын Гродно шаарында Бүткүл беларусь элдик жыйынынын 30 жылдыгына арналып, 2026-жылдын 21–22-май күндөрү өтүп жаткан “Мамлекеттин маалыматтык-саясий коопсуздугун камсыздоодо санариптик технологиялар жана жасалма интеллект: дискурстар, концепциялар жана практикалар” аттуу XI эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда. Конференцияга КР БШКнын шайлоо жабдууларын эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Максат Тоокеев жана программалык-техникалык камсыздоо жана маалымат коопсуздугу бөлүмүнүн эксперти Улан Мурзаев өкүлдүк кылууда. Илимий-практикалык конференциянын ишине Беларусь Республикасынын мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, ошондой эле чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышып жатышат. “Санариптик технологиялар жана шайлоо процесси: эл аралык тажрыйба жана улуттук реалдуулук” аттуу тематикалык жыйында КР БШКнын өкүлдөрү “Санариптик технологиялар жана заманбап шайлоо процесси: Кыргыз Республикасында ишке ашыруу тажрыйбасы” деген темада баяндама жасашты. Баяндамада Кыргыз Республикасында шайлоо процессин санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, заманбап маалыматтык системаларды колдонуу тажрыйбасы, ошондой эле шайлоонун ачыктыгын, айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөсү У. Жылкыбаевдин катышуусунда КР Ички иштер министрлигинин Академиясында жарандардын шайлоо укуктары боюнча талкуу өттү
20.05.2026

БШК мүчөсү У. Жылкыбаевдин катышуусунда КР Ички иштер министрлигинин Академиясында жарандардын шайлоо укуктары боюнча талкуу өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) Кошумча кесиптик билим берүү факультетинин угуучулары үчүн иш-чара өткөрдү. Академиянын башчысынын орун басары Сталбек Куренкеев жыйынды ачып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин шайлоо чөйрөсүндөгү укуктук маданиятын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоо системасы боюнча сөз сүйлөп, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Угуучулар активдүү суроолорду берип, шайлоо мыйзамдарынын актуалдуу аспектилери жана аларды колдонуу практикасы боюнча маңыздуу талкуу жүргүзүштү. Ал эми «Эгль» коомдук бирикмесинин директору Ч. Омурканова айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Соңунда эң активдүү угуучулар ЖБББ тарабынан чакан белектерге ээ болушту. Өз кезегинде Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жогорудагы иш-чараны уюштурууга көмөк көсөткөн мамлекеттик-укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы, милициянын полковниги Дамира Момбековага жана Сайкал Автандиловага ыраазычылыгын билдирет.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Эл аралык Кувейт университетинин ортосунда Меморандум түзүлдү
19.05.2026

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Эл аралык Кувейт университетинин ортосунда Меморандум түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) менен Эл аралык Кувейт университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке кол коюу иш-чарасына ЖБББнын директору Анара Бейшембаева жана ЭКУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Байсеркеев Аскарбек Эсенович, университеттин профессордук-окутуучулук жамааты жана активдүү студенттери катышты. Меморандумда жарандык билим берүү, укуктук тарбиялоо жана шайлоо маданиятын жогорулатуу чөйрөсүндө узак мөөнөттүү өнөктөштүк көздөлгөн. Өзгөчө басым – шайлоо укугу боюнча заманбап билим берүү методикаларын иштеп чыгуу үчүн ЭКУнун бай педагогикалык жана илимий потенциалын колдонууга жасалат. Биргелешкен иштин негизги багыттары: - КР БШКнын мүчөлөрү, эксперттер жана жаш изилдөөчүлөрдүн катышуусу менен биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу; - ЭКУ студенттеринин ЖБББда стажировкадан өтүүсү. Иш-чаранын жүрүшүндө ЭКУнун ректору Аскарбек Байсеркеев университет келечектеги жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган билим берүү мекемеси катары мамлекетке жана мыйзамга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууну өзүнүн негизги миссияларынын бири деп эсептей турганын билдирди. Ректор ЖБББ (ЦГОИТ) университеттин демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылыгын айтып, Меморандум өлкөнүн алдыңкы педагогдорунун катышуусу менен жаштар арасында укуктук жана шайлоо маданиятын өнүктүрүү боюнча системалуу иштин башталышы экендигин баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ортосунда Меморандумга кол коюлду
19.05.2026

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ортосунда Меморандумга кол коюлду

19-майда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖБШТБ) директору Анара Бейшембаева менен «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин ректору Назира Эсеналиева Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Меморандумдун максаты – жарандык билим берүү, жаштардын, студенттердин, магистранттардын жана мектеп окуучуларынын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу чөйрөсүндө узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү. Тараптар төмөнкүдөй биргелешкен билим берүү жана агартуу долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты: - жарандык билим берүү, шайлоо укугу жана комплайнс-контроль боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу; - семинарларды, тренингдерди, дебаттарды, окуу шайлоолорун жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү; - университеттин студенттеринин КР БШКнын түзүмдөрүндө стажировкадан жана өндүрүштүк практикадан өтүүсүн уюштуруу; - шайлоо жүрүм-турумун жана укуктук маданиятты изилдөө боюнча биргелешкен илимий топторду түзүү. Өзгөчө көңүл жаштардын активдүү жарандык позициясын, мыйзамды урматтоосун жана шайлоого аң-сезимдүү катышуусун калыптандырууга бурулат. Меморандун мөөнөтү 5 жылга белгиленип, автоматтык түрдө узартылат жана каржылык милдеттенмелерди камтыбайт. Конкреттүү долбоорлор өзүнчө келишимдердин негизинде ишке ашырылат. Тараптар Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун андан ары өнүктүрүүгө жана келечектеги адистердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга кызмат кыларына ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19.05.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алымбеков Максат Джумакадыровичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; - Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кожомсанов Рамис Эдилбековичтин (“Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джигитеков Өмүрбек Жыргалбековичке (“Улуу Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Раманкулов Бактыяр Эсенгуловичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шарабидинов Бекташ Алжанбаевичке өткөрүлүп берилди; - Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шайымкулов Абдуллажан Исмаиловичке өткөрүлүп берилди; - Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Уметкулов Муратбек Таалайбековичке (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Кербен шаардык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Манас Уларбековичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юсупов Нурбек Мырзакановичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Раимжанова Насибахан Кадырбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жалалов Замирбек Абдиллаевичке өткөрүлүп берилди; - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Салимов Алтынбек Нышановичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Анарбай уулу Абдилайга (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Миталипов Абдулхаким Миталиповичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Маматкулов Акрам Жамшидовичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 20 шайлоо округу боюнча М.Дж. Алымбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды
19.05.2026

КР БШКсы № 20 шайлоо округу боюнча М.Дж. Алымбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаты деп тааныды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Алымбеков Максат Джумакадыровичке № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды. Максат Алымбеков № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 19-майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19.05.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 19-майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 19-майы Убактысы: 09:00 Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы   1. “Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтомдолбоору (баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” токтом долбоору (баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
1 4 6 481