Башкы Жаңылыктар КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын …

КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда

КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
29-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү - БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү борборунун директору А. Бейшембаева жана БШК аппаратынын кызматкери Н. Талгатова Индиянын Демократия жана шайлоолорду башкаруу боюнча эл аралык институтунун (IIIDEM) базасында 2026-жылдын 28-сентябрынан 1-октябрына чейин өтүп жаткан шайлоону башкаруу органдарын институционалдык карталоо боюнча эл аралык семинарга (Institutional Mapping Workshop) катышууда.

Семинардын негизги максаты - шайлоону башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө карата эл аралык ыкмаларды изилдөө, тажрыйба алмашуу, ошондой эле бул багыттагы институционалдык муктаждыктарды аныктоо.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар улуттук шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, кесиптик даярдоонун учурдагы ыкмаларын карашат, кызыкдар тараптарды карталоону жүргүзүшөт, компетенцияларды, колдонулуп жаткан окутуу программаларын жана жеткиликтүү ресурстарды талдашат. Ошондой эле андан аркы өнүгүү үчүн бар болгон боштуктарды жана муктаждыктарды аныкташат.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар өлкөлөр боюнча иш пландарын иштеп чыгып, шайлоону башкаруу органдарынын кесиптик даярдоо системаларын жана институционалдык потенциалын өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоону пландашууда.

КР БШК өкүлдөрүнүн семинарга катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы кесиптик потенциалды чыңдоого өбөлгө түзөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29-Сен, 2026

КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктардын алкагында, бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелери талкууланды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин жарандыгы, соттуулугунун бар же жок экендиги, кылмыштуу же куралдуу топторго мүмкүн болгон тиешелүүлүгү, ошондой эле диний ишмердикке катышуусу тууралуу маалыматтарды берүү маселелери каралды.Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарды текшерүүгө, талапкерлерди тестирлөөнү уюштурууга жана тиешелүү маалыматтарды ыкчам алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүүнүн бардык этаптарында мамлекеттик органдардын макулдашылган иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал шайлоо процессин мыйзамдарга ылайык сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу үчүн маалыматтарды өз убагында берүү жана мамлекеттик органдар ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи. 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий  партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
28-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Тюп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламудун, Чүй, Токмок, Талас шаардык, Талас, Жумгал, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт. Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъектер болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; -  талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Ошондой эле бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт. Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин беришет. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл. Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына дароо өткөрүлүп берилет. Шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуган жери, билими  көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери; - жеке маалыматты чогултууга жана иштетүүгө макулдугу; - көрсөтүүчү субъекттин протоколу. Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл. Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук.Жарандын шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндөжеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдукпротоколсаясий партиянын протоколу
Кененирээк билүү >>
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
26-Сен, 2026

ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу

Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш. 2026-жылдын 14-октябры 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп саналат.Мыйзамдарга ылайык шайлоону маалыматтык камсыздоо шайлоочуларга маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү түрдө жана ээн-эркин эрк билдирүүсүн, ошондой эле шайлоонун ачыктыгын камсыздоого багытталган. Эфир убактысы же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык саясий партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болушу жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 айдын ичинде белгиленген нарктан ашпашы керек.Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2026-жылдын 14-октябрына чейин – автоматташтырылган  маалыматтык тутум аркылуу төмөнкү документтерди бериши керек:- жетекчинин аты-жөнү, жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр экендиги жөнүндө арызды;- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн же болбосо салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсүн (интернет-басылмалар үчүн);- маалымат же маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);- эфир убактысын, басма аянтын же жарыялоолорду интернет-басылмада жайгаштыруу укугун бергени үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.Жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмалардан жогоруда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө, ошондой эле КР БШКнын маалыматтык камсыздоо секторунун pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынбайт.          Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын башкы бетинде жайгашкан   “ЖМКны аккредитациялоо” бөлүмүнө кирип, арыздарыңыздарды калтырсаңыздар болот. Сурап-билүү үчүн телефон: 66 54 52
Кененирээк билүү >>
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25-Сен, 2026

Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарыншайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамына ченемдик базаны шайкешкелтирүүнүн алкагында, шайлоо участокторунда эреже катары              4000ден ашпаган шайлоочу түзүлөрүбелгиленгенине байланыштуу, Борбордук шайлоокомиссиясы шайлоо участокторунун чек араларыноптималдаштыруу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясыазыркы этапта шайлоо участкаларын массалык түрдөирилештирүү жүргүзүлбөй тургандыгын баса белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын башкы артыкчылыгышайлоочулар үчүн жеткиликтүүлүктү, мурдагыдай эле маршруттарды жана максималдуу ыңгайлуулукту камсызкылуу багыты кала берет.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлооокругдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жаначек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону” конституциялык Мыйзамга шайкеш келтирүү укуктукалкакты белгилейт жана жарандардын укуктарын, алардынкоопсуздугун коргоо үчүн зарыл болгон айрым, негиздүүучурларда гана участокторду бириктирүүгө мүмкүнчүлүкберет.Эгерде, иштеп жаткан шайлоо участогунун имараты авариялык абалда, сейсмикалык жактан кооптуу же массалык иш-чараларды өткөрүүгө жараксыз деп табылып, КР ӨКМнин жана тармактык кызматтардын корутундулары бар болсо, ошондой эле жакын жерде кезектерди жаратпастан чектеш участоктордун тургундарын кенен батыра турган имарат (мисалы, жаңы мектеп) болгон учурларда жана ушул сыяктуу башка негиздүү учурларда гана бириктирүүгө жол берилет.Жалпысынан шайлоо участокторунун басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн мурдагы чек араларын, даректерин жана добуш берүүчү көнүмүш орундарын сактап калат. Муну менен катар административдик-аймактык реформанын (ААР) жүрүшүндө шайлоо участоктору жайгашкан көчөлөрдүн аталыштары, имараттардын номерлери же объекттердин аталыштары өзгөрүшү мүмкүн экендигин эске алуу зарыл. Шайлоо участокторунун аталыштарын жана иш жүзүндөгү жайгашкан жерин тактоо, шайкеш келтирүү боюнча иштер азыркы тапта улантылууда.Шайлоо участокторунун чек аралары жана даректери жөнүндөгү бардык актуалдуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында үзгүлтүксүз жаңыртылып, жарыяланып турат.
Кененирээк билүү >>