Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, талапкерлерден маалыматтарды кабыл алуу форматы жөнөкөйлөтүлүп, бирдиктүү тартипке келтирилди. Ошондой эле шайлоону уюштурууда жарандардын ишенимин бекемдөө, комиссия мүчөлөрүнүн калыстыгын, көз карандысыздыгын жана саясий бейтараптуулугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү формалары бекиди.
Мындан тышкары, документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана ашыкча документтештирүүнү кыскартуу алкагында айрым практикалык ченемдер такталды. Жобо колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине толук шайкеш келтирилди.
Ошондой эле шайлоо комиссиялардын сандык курамы такталды жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирилди.


