Башкы Жаңылыктар КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен …

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.
Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
06-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 6-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Кыдыровдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Муйдунов Төрөмырза Эргашевич катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет. 
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
06-Ноя, 2026

Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Жайыл, Ысык-Ата, Ош, Араван, Тоң, Баткен шаардык жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Уметалиев Султан Замировичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;• Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Молдобаев Бактыбек Садыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;• Ош шаардык кеңешинин депутаты Калыкбердиев Дамир Макамбаевичтин (“Мурас” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Таалайбек уулу Айбекке (“Мурас” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Касимова Жаннатхан Турсиновнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулду;• Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Омуров Рустам Кумаргазыевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдылдаева Сайрагул Ибраевнага өткөрүлүп берилди;• Баткен шаардык кеңешинин депутаты Максутова Гүлмайрам Абдималиковнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдырахманова Гульмира Гапаровнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин депутаты Полотова Канаатхан Имамовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадирова Айтбуву Маккамовнага өткөрүлүп берилди. 
Кененирээк билүү >>