Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Тюп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламудун, Чүй, Токмок, Талас шаардык, Талас, Жумгал, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт.
Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъектер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Ошондой эле бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт.
Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт.
Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин беришет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл.
Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына дароо өткөрүлүп берилет.
Шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери; - жеке маалыматты чогултууга жана иштетүүгө макулдугу; - көрсөтүүчү субъекттин протоколу.
Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл.
Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук.
Жарандын шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө