Башкы Жаңылыктар Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө

Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө

Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25-Сен, 2026

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарыншайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамына ченемдик базаны шайкешкелтирүүнүн алкагында, шайлоо участокторунда эреже катары              4000ден ашпаган шайлоочу түзүлөрүбелгиленгенине байланыштуу, Борбордук шайлоокомиссиясы шайлоо участокторунун чек араларыноптималдаштыруу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясыазыркы этапта шайлоо участкаларын массалык түрдөирилештирүү жүргүзүлбөй тургандыгын баса белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын башкы артыкчылыгышайлоочулар үчүн жеткиликтүүлүктү, мурдагыдай эле маршруттарды жана максималдуу ыңгайлуулукту камсызкылуу багыты кала берет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлооокругдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жаначек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону” конституциялык Мыйзамга шайкеш келтирүү укуктукалкакты белгилейт жана жарандардын укуктарын, алардынкоопсуздугун коргоо үчүн зарыл болгон айрым, негиздүүучурларда гана участокторду бириктирүүгө мүмкүнчүлүкберет.

Эгерде, иштеп жаткан шайлоо участогунун имараты авариялык абалда, сейсмикалык жактан кооптуу же массалык иш-чараларды өткөрүүгө жараксыз деп табылып, КР ӨКМнин жана тармактык кызматтардын корутундулары бар болсо, ошондой эле жакын жерде кезектерди жаратпастан чектеш участоктордун тургундарын кенен батыра турган имарат (мисалы, жаңы мектеп) болгон учурларда жана ушул сыяктуу башка негиздүү учурларда гана бириктирүүгө жол берилет.

Жалпысынан шайлоо участокторунун басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн мурдагы чек араларын, даректерин жана добуш берүүчү көнүмүш орундарын сактап калат. Муну менен катар административдик-аймактык реформанын (ААР) жүрүшүндө шайлоо участоктору жайгашкан көчөлөрдүн аталыштары, имараттардын номерлери же объекттердин аталыштары өзгөрүшү мүмкүн экендигин эске алуу зарыл. Шайлоо участокторунун аталыштарын жана иш жүзүндөгү жайгашкан жерин тактоо, шайкеш келтирүү боюнча иштер азыркы тапта улантылууда.

Шайлоо участокторунун чек аралары жана даректери жөнүндөгү бардык актуалдуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында үзгүлтүксүз жаңыртылып, жарыяланып турат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>