Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.
Кененирээк билүү >>
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.
Кененирээк билүү >>
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү.
Кененирээк билүү >>
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо, ошондой эле шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топторунун жетекчиси Тимур Оторбаев аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо мыйзамдарын жер-жерлерде бирдей колдонууну камсыз кылуу, шайлоо процессинин катышуучуларынын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана шайлоо жол-жоболорунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Арыздарды жана даттанууларды кароодо мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду так сактоого, тиешелүү шайлоо комиссиясынын компетенциясын туура аныктоого, арыз ээлеринин жүйөлөрүн объективдүү жана ар тараптуу кароого, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди талаптагыдай тариздөөгө өзгөчө маани берилиши керектиги белгиленди.Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзамдарда белгиленген негизги талаптарды, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоо, үгүт материалдарын жайгаштыруунун тартибин так аткаруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башка маалыматтык ресурстарды пайдаланууга коюлган талаптарды сактоо, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу маселелери боюнча Тимур Оторбаев кеңири маалымат берди.Белгилей кетсек, КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана жол-жоболордун ачык-айкындыгын камсыз кылуу, ошондой эле жарандардын шайлоо укуктарын коргоо багытындагы иштерди ырааттуу улантууда.
Кененирээк билүү >>
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
09.09.2026
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
09.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
09.09.2026
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди.
Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт.
Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.
Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 9-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүлүүчү жери:
Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50
3-кабат, жыйындар залы
Өткөрүү убактысы: саат 11:00дө
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө
Баяндамачы: Амангелди кызы Мунара – көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш секторунун башчысы
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө
Баяндамачы: Манасбеков Р.М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө
Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө
Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
Кененирээк билүү >>
04.09.2026
КР БШК төрагасынын орун басары Р. Жакышов аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен онлайн жыйын өткөрдү
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов КР БШКнын аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү, системалык администраторлору, АШК төрагалары менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын курамын толуктоо, шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү, катышууну көбөйтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан БШКнын аймактагы өкүлдөрүнө шарттарды түзүү боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле, катышуучулар орчундуу суроолорду берип, сунуш-пикирлерин ортого салышты.Русланбек Жакышов шайлоо процессин уюштурууда бардык аймактык шайлоо комиссияларынын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуунун, коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.Жыйындын соңунда шайлоого даярдык көрүү иштерин күчөтүү жана аны уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Кененирээк билүү >>
31.08.2026
КР БШКсы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайт
Урматтуу мекендештер!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!Көз карандысыздыктын 35 жылдык тарыхында өлкөбүз ар кандай сыноолорду басып өтүп, мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, өнүгүүнүн жаңы дооруна багыт алды. Бул жетишкендиктер элибиздин ынтымагы, сабырдуулугу жана мекенчилдигинин арты менен келип отурат.Эгемендүүлүк – элибиздин эң улуу дөөлөтү, мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы. Өлкөбүздүн тынчтыгын, туруктуулугун жана биримдигин сактоо менен, Кыргызстандын жаркын келечегин куруу – жалпыбыздын ыйык милдетибиз.Бүгүнкү кубанычтуу майрамда баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз. Эгемен өлкөбүздүн асманында дайыма тынчтыктын туусу желбиреп, журтубуздун келечеги кең, элибиздин жашоосу жарык жана берекелүү болсун!Майрамыңыздар менен!
Кененирээк билүү >>
28.08.2026
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата БШКнын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата БШКнын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын бир катар кызматкерлерине жана шайлоо системасын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп келе жаткан жарандарга ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.“Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн” медалы менен БШКнын Аппарат жетекчиси Т. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору А. Джапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Н. Сулейманова жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы Б. Мажитов сыйланышты.Ал эми КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын бөлүм башчысы К. Абдилатовго, сектор башчысы Амангелди кызы Мунарага жана эксперт А. Закировго “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси, эксперт Р. Манасбековго Ардак грамота тапшырылды.Мындан тышкары Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы аппараттын бир катар кызматкерлерине ыйгарылды.Сыйлык тапшыруу аземинде Төрага Тынчтык Шайназаров сыйлык ээлерин жана кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Кененирээк билүү >>
28.08.2026
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда беш айлык окутуу семинарларынын цикли жыйынтыкталды
Бүгүн, 28-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда2026-жылдын 1-апрелинен 28-августуна чейин өткөрүлгөн беш айлык окутуу семинарларынын цикли жыйынтыкталды.Окутуу семинарларын КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) уюштурду.Беш айдын ичинде ар кандай курактагы 6 миңге жакын жаран окутуудан өттү. Семинарлардын биринчи айында эле 2400 адам катышты. Сабактар өлкөнүн бардык7 облусунда бир убакта өткөрүлдү. Иш-чараларды техникалык жана уюштуруучулук жактан камсыздоону КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору жүргүзүштү.Окутуу программасы үч негизги модулду камтыды:“Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгү – жарандардын элге жана мамлекетке таандыктык сезимин калыптандыруу, жарандык аң-сезимди бекемдөө;Шайлоо маданияты – шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана шайлоо жол-жоболору менен тааныштыруу;Санариптик сабаттуулук – мамлекеттик электрондук кызматтарды алуу үчүн “Түндүк” мамлекеттик порталы жана мобилдик тиркемеси менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү.Өткөрүлгөн семинарлар жарандардын өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырууга аң-сезимдүү мамилесин калыптандырууга багытталды. Алынган билимдер жана практикалык көндүмдөр шайлоочуларга санариптик сервистерди ишенимдүү колдонууга жана шайлоо процессинде өз укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга шарт түзөт.КР БШК бул багыттагы иш-чараларды бекитилген программалардын алкагында мындан ары да улантат.
Кененирээк билүү >>
28.08.2026
КР БШК арыз-даттануулар боюнча жумушчу топтун Жобосун бекитти
Бүгүн, 28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө Жобону бекитти.Жобого ылайык, Жумушчу топ БШКнын алдында 7 адамдан ашпаган, ал эми округдук жана аймактык комиссиялардын алдында кеминде 5 адамдан турган курамда түзүлөт.Топ арыздарды алдын ала талдап, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, чечимдердин долбоорлорун даярдайт. Кайрылуулар 2 күндүн ичинде, зарыл учурда 4 күнгө чейин узартылса, добуш берүү күнү жана анын алдындагы күнү түшкөн кайрылуулар токтоосуз каралат.Кароонун жүрүшү протоколдоштурулуп, тараптарга маалымдалат. Кабыл алынган чечимдер КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.Мындан тышкары отурумда Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Токтом долбоорун кабыл алуу Жобонун айрым нормаларын колдонуудагы терминологияга жана шайлоо комиссияларынын ишин уюштурууга ылайык келтирүү, ошондой эле арыздардын жана даттануулардын электрондук реестрин укуктук жактан так жөнгө салууга багытталган.Ошондой эле, округдук шайлоо комиссияларынын арыздарды жана даттанууларды кароого катышуусуна байланыштуу жоболор такталат.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди