Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголияга болгон иш сапарынын алкагында 2026-жылдын 24-сентябрында Монголиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нэргуйн Мягмар менен жолугушту.
Т. Оторбаев КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун саламын жолдоп, «Саясий каржылоонун ачыктыгы жана көзөмөлү» аттуу эл аралык тегерек столго катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн 2027-жылдын январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды.
Өз кезегинде Н. Мягмар ыраазычылык билдирип, эки уюмдун ортосундагы кызматташтыктын алкагында тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле Монголияда жана Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоо процесстерине өз ара байкоо жүргүзүү туруктуу негизде ишке ашырылып келе жатканын белгиледи.
Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2015-жылы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан бери активдүү кызматташып келет.

