2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.
Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.
Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.
Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
