Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев 2026-жылдын 22-24-сентябрында Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда.
Тегерек стол 11/7-резолюциясын ишке ашыруунун практикалык механизмдерин иштеп чыгууга арналган. Иш-чараны Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы Transparency International, International IDEA, UNODC, OGP жана Open Society Forum уюмдары менен биргеликте уюштурган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азия аймагында саясий каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, мониторинг жүргүзүү ыкмалары жана коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо маселелери талкууланууда.
Иш-чаранын алкагында Тимур Оторбаев Кыргыз Республикасынын саясий ишмердүүлүктү каржылоо чөйрөсүндө ак ниеттүүлүктү илгерилетүү багытындагы тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшөт.
Анын пикиринде, Кыргыз Республикасы менен башкаруу системасы реформаланган башка демократиялык мамлекеттердин ортосундагы мындай диалог саясий ишмердүүлүктү каржылоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого жана шайлоо системаларында отчеттуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, Монголия Шайлоо комиссиясынын резолюциясында белгиленген 22 милдеттенменин негизинде партиялар жана талапкерлер үчүн отчеттуулуктун ички стандарттарын жаңылоону жүргүзүүдө. Бул чаралар көмүскө капиталдын жана чет мамлекеттердин шайлоо процесстерине жашыруун таасир этүүсүнө жол бербөөгө багытталган.




