Башкы Жаңылыктар КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин …

КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
25-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 200 000,0 миң сомду түзөт. Анын ичинен 646 560,0 миң сом 2026-жылга, ал эми 553 440,0 миң сом 2027-жылга каралган.

Көрсөтүлгөн суммага Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 56-беренесине ылайык кайра добуш берүүнү өткөрүүгө каралган 240 000,0 миң сом, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылууга багытталган 53 200,0 миң сом киргизилген. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлөт.

Сметада 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын материалдык-техникалык камсыздалышына жана иштешине байланыштуу чыгымдар каралган. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же убактылуу жүргөн жарандар үчүн 100 шайлоо участкасы, ошондой эле аралыктан добуш берүү (АДБ) үчүн 40 кошумча шайлоо участкасы камтылган.

Сметада участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө кеткен чыгымдар да каралган. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде алардын айлык сый акысынын өлчөмү 3,0–8,0 миң сомду түзөт.

Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 26 819 адамды түзөт. Анын ичинде 5 066 автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн операторлору жана 5 066 идентификациялоо операторлору бар.

Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 674 адамды түзөт.

Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго, 600 техникалык колдоо тобунун адисине, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тартылган башка адистерге сый акы төлөө каралган. Тартылган адистердин саны шайлоочулардын санына жана аткарылуучу иштердин көлөмүнө жараша аныкталат.

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар шайлоо процессин уюштуруучулук, маалыматтык, техникалык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону камтыйт.

Атап айтканда, шайлоо процессинин катышуучуларын окутууга, байланыш менен камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды даярдоого жана басып чыгарууга, зарыл болгон товарларды, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга, шайлоо жабдууларын аймактарга жеткирүүгө жана кайра кайтарууга, ошондой эле шайлоо документтерин, жабдууларды жана таркатылуучу материалдарды БШКдан АШКларга жана УШКларга ташууга кеткен чыгымдар каралган.

Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга, эл аралык делегациялардын катышуусунда расмий иш-чараларды уюштурууга байланыштуу өкүлчүлүк чыгымдарына, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун ишин уюштурууга, ошондой эле шайлоону талаптагыдай өткөрүү үчүн зарыл болгон башка иш-чараларга кеткен чыгымдар каралган.

Шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун олуттуу бөлүгү борборлоштурулган тартипте жүргүзүлөт.

Зарыл болгон товарлар, жабдуулар, документтер жана материалдар белгиленген тартипте сатып алынып, алардын муктаждыктары эске алынуу менен аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Мындай ыкма шайлоо комиссияларын жабдууга коюлган талаптардын бирдей болушун камсыз кылууга, жер-жерлерде сатып алууларды кайталоого жол бербөөгө, чыгымдарды пландаштыруунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда сметада 56 аймактык жана 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылууга, алардын ишин уюштурууга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө жана аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууга байланышкан чыгымдар каралган.

Смета шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу жана шайлоо участокторунун иштеши үчүн зарыл болгон жумушчулардын санын, ошондой эле уюштуруучулук, маалыматтык, техникалык жана материалдык-техникалык камсыздоонун көлөмүн эске алуу менен түзүлдү.

.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>