Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү
Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарында өтүп жаткан көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чарага катышты.
КР БШКнын жамааты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (А. Малдыбаев атындагы) артында жайгашкан “Театральный” багынын бекитилген аймагын, ошондой эле ага жанаша жайгашкан тилкени тазалашты.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланып, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин арттырууга багытталган.
Белгилей кетсек, борбор калаада көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлдү.
Кененирээк билүү >>
Системдик администраторлор Улуттук “Уңгужол” доктринасы боюнча жарандарды окутууну улантууда
Май майрамдары аяктаган соң, республика боюнча Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун (ЖСБББ) системдик администраторлору кезектеги окутуу семинарларынын циклине киришти.
Сабактар Улуттук “Уңгужол” доктринасынын (“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктиктер”) негиздерин түшүндүрүүгө жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга арналган.
Бул жолу Жалал-Абад облусунун системдик администраторлору активдүүлүктү көрсөтүштү. Алар тез арада семинарларды уюштуруу менен бирге окутууга жергиликтүү жаштарды, карыларды да тарта алышты.
Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар “Кыргыз жараны” иденттүүлүгүнүн баалуулуктары менен таанышып, “Түндүк” тиркемесин өздөштүрүштү жана шайлоого маалымдуу катышуунун маанилүүлүгүн үйрөнүштү.
Системдик администраторлордун жогорку берилгендиги жарандар арасында агартуу иштеринин жүргүзүлүшүнө үзгүлтүксүз шарт түзүүдө.
Өзгөчө Жалал-Абад облусундагы кызматкерлердин демилгеси жана талыкпаган аракети башкаларга үлгү болууда. Жалпысынан эки күндүн ичинде эле 400гө жакын жаран окутуудан өтүштү.
Учурда окутуу уланууда. Семинарлардын графигин жергиликтүү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан тактаса болот.
ЖСБББ жарандардын укуктук, шайлоо жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн. Системдик администраторлор Кыргызстандын бардык аймактарында үзгүлтүксүз сабактарды өткөрүшөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-майда өз жыйынында Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Аламүдүн районунун А. Сыдыков айылдык кеңешинин депутаты Субакожоева Жанна Жолдошбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джураева Сайноз Зиетовнага өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты Оспанова Алтынчаш Жамбыркуловнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асылбекова Мээрим Асылбековнага өткөрүлүп берилди;
- Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңешинин депутаты Карагулов Динмухамед Шайлообековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дөөлөткелдиев Союзбек Жолдошбековичке өткөрүлүп берилди;
- Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бейшалиева Нургуль Орозбековнага өткөрүлүп берилди;
- Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңешинин депутаты Малабекова Назира Джээнбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джамангараева Сайрагүл Сейитжановнага өткөрүлүп берилди;
- Манас шаардык кеңешинин депутаты Назаров Бусурманкул Мирзамидиновичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Коконов Нурсултан Тологоновичке (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ош шаардык кеңешиндеги бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмекбаев Толкун Омурбековичке (“Мурас” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Т.Т. Айтиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 12-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тынычбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Темирлан Айтиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Т.Т. Айтиев № 20 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 12-майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 12-майы
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тынычбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” токтом долбоору
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. “Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайт!
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун кадырлуу ардагерлери!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдык майрамы менен куттуктайт!
9-май – дүйнөдө тынчтык орногон, миңдеген үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулаган улуу майрамдардын бири. Аталарыбыздын өмүрү, энелерибиздин көз жашы менен келген Улуу Жеңиш элдин энчисине айланып, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды.
Бул күнү биз тынчтык жана бейпил турмушту камсыз кылып берген аталарыбыздын эрдигин эскерип, алардын жаркын элесине таазим кылабыз. Жеңишке жетишүүдө, бүгүнкү гүлдөгөн жашоону жана келечектин бекем пайдубалын түптөөдө согушка катышкан ар бириңиздердин салымыңыздар баа жеткис.
Сиздер көрсөткөн эрдик жаштарды патриоттуулукка, кайраттуулукка жана чыдамкайлыкка тарбиялап, мекенди сүйгөн уул-кыздарга чоң үлгү болот.
Ар дайым бекем ден соолукта болуп, бактылуу карылыкта, узак жана маңыздуу өмүр сүрүңүздөр.
Кыргызстанда ар дайым таза асман, тынчтык жана бакубатчылык болсун!
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы 5-май - Конституция күнү менен куттуктайт
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы сиздерди 5-май - Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Мындан туура 33 жыл мурда кабыл алынган Конституция өлкөбүздүн тарыхындагы жаңы доорду - эгемендүүлүк жана демократия жолун баштап берди.
Мамлекеттин өнүгүү жолун жана багытын аныктап, ар бир жарандын укуктарын, эркиндиктерин кепилдикке алган Баш мыйзамыбыз руханий, маданий жана саясий мааниси бийик документ болуп саналат.
Конституцияга негизделген жарандардын шайлоо укуктары, шайлоо системасына багытталган мыйзамдар өнүгүп, мамлекеттин келечегин аныктоодо, маанилүү чечимдерди кабыл алууда эбегейсиз салымын кошууда.
Баш мыйзамыбыздын алкагында жүргүзүлгөн масштабдуу иштер жана реформалар өлкөбүздүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүп, тышкы саясаттагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түздү.
Мыйзамдардын үстөмдүгү сакталып, өлкөбүздө тынчтык орносун. Ар бир жарандын укугу корголуп, Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин!
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктайт!
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү менен куттуктайт!
Бардык ийгиликтердин негизи, өнүгүүнүн башаты – бул эмгек. Эмгек майрамы ар бир жарандын мээнетин даңазалаган, биримдикти жана тилектештикти бекемдеген өзгөчө күн.
“Эр эмгегин жер жебейт”, “Эмгегиң катуу болсо, жегениң таттуу болот”, деген накыл кептер адал жашоого, бакубат турмушка шыктандырып, ар бирибизге дем-күч берип, туура максат коюуга түрткү берет.
Ар кайсы кесиптин ээси болгонубузга карабай, жалпы максатыбыз – мамлекеттин келечегин бекемдөө, үй-бүлөнүн бакубат жашоосун камсыз кылуу жана ак ниет эмгек менен келечек муунга татыктуу шарт түзүү.
Жалпы эмгекчилердин тилектештигин, ынтымагын жана достугун даңазалган жазгы майрамыбыз кут болсун.
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, тынчтык, мол ийгилик жана түгөнгүс энергия каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын жыйынына катышты
30-апрелде КР БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын алкагында түзүлгөн шайлоо процессине дипфейктердин таасири маселелери боюнча Жумушчу топтун биринчи жыйынына катышты.
Жумушчу топтун курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия өлкөлөрүнүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Жыйында катышуучулар шайлоо процессинде дезинформацияга каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк практикада колдонулуп жаткан ыкмаларды карап чыгышты.
У. Жылкыбаев Кыргыз Республикасында шайлоо өнөктүгү учурунда маалымат мейкиндигин мониторинг кылуу жана мыйзам бузууларга чара көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Катышуучулар шайлоо тармагында дезинформацияга каршы аракеттенүү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасын түзүү демилгесин Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев көтөргөн.
2024-жылдын 6-ноябрында кол коюлган ТМУ мамлекет башчыларынын XI саммитинин Бишкек декларациясына ылайык, аталган Консультативдик платформа түрк мамлекеттеринин шайлоо органдарынын ортосунда туруктуу консультацияларды өткөрүү жана кызматташууну өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
2025-жылдын 28-ноябрында Бишкекте өткөн жумушчу жыйында шайлоо процессине дипфейктердин таасирин азайтуу боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кененирээк билүү >>
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда 2400 жаран окутулду
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда (ЖСБББ) КР БШКсынын атайын өкүлдөрү менен биргеликте системалык администраторлор бир айлык иштин жыйынтыктарын чыгарышты. Бул мезгил ичинде республиканын 2400 жараны – мектеп окуучуларынан баштап улгайган курактагы адамдарга чейин окутуудан өттү. Бул туруктуу оң динамиканы жана калктын билимге болгон суроо-талабынын өсүп жатканын көрсөтүп турат.
Шайлоо активдүүлүгүнүн төмөндүгү жана санариптик кызматтарды жетиштүү билбегендик өнүгүүгө тоскоол болгон факторлор бойдон калууда. Көптөгөн жарандар маалыматтык ишенимсиздиктен улам шайлоого катышпайт, ал эми улгайган адамдар көп учурда мамлекеттик кызматтарды онлайн колдонуудан коркушат.
Жергиликтүү деңгээлде үзгүлтүксүз өткөрүлүп жаткан семинарлар ушул тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берип, угуучулар “Уңгу жол” доктринасынын баалуулуктары менен таанышып, “Түндүк” тиркемесин өздөштүрүп, алардын үнү жана санариптик сабаттуулугу өлкөнүн келечегине түздөн-түз таасир этерин түшүнө баштады.
Бул сандардын артында КР БШКсынын атайын өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү системалык администраторлордун талыкпаган эмгеги турат. Алар топтук сабактарды өткөрүү менен чектелбестен, материалды ар кандай деңгээлдеги даярдыгы бар адамдарга ылайыкташтырып, улгайган жарандарга жана мектеп окуучуларына жекече кеңеш беришти. Алардын жигердүүлүгүнүн жана сабырдуулугунун аркасында, адатта маалыматтык кампаниялардан тышкары калып жүргөн адамдарды камтууга жетишүүдө.
Семинарларда эң жакшы натыйжаларды Түп, Жайыл жана Биринчи Май аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Ош шаары көрсөтүүдө. Алардын активдүү позициясы, угуучуларды сапаттуу даярдоосу жана калкты жогорку деңгээлде камтышы башка региондор үчүн үлгү болуп саналат.
Окутулгандардын санынын өсүшү – системалык администраторлордун күн сайын, кээде көзгө көрүнбөгөн эмгегинин түз натыйжасы болуп саналат жана алардын иши жарандарда жөн гана көндүмдөрдү эмес, шайлоого жана мамлекеттик кызматтарга аң-сезимдүү мамилени калыптандырууга шарт түзөт. КР БШКсы бул тармакты мындан ары да колдоп, өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда студенттер шайлоо процессин өркүндөтүүнүн жолдорун сунушташты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Ала-Тоо” эл аралык университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттик активдеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө БШКнын эксперттери добуш берүүнү уюштуруунун негизги этаптарын, жарандарды кабарландыруу процессинде колдонулуучу санариптик чечимдерди жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө механизмдерин кеңири түшүндүрүштү. Айрыкча участкалык комиссиялардын ишинин ачыктыгы жана шайлоочулардын маалыматтарын коргоо маселелерине көңүл бурулду.
Студенттердин басымдуу суроолору шайлоо участкаларындагы иштин практикалык аспектилерине, республиканын шайлоо тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына тиешелүү болду.
Өз кезегинде жаштар билим берүү онлайн-платформалары аркылуу жаш шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, университеттердин базасында биргелешкен иш-чараларды жана шайлоолорду моделдөөнү өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарды беришти.
Ал эми төраганын орун басары Айдана Жупуева студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, жаш аудитория – бул шайлоочулар гана эмес, ошондой эле комиссиялардын кадрдык курамын калыптандыруу үчүн резерв болорун, иш-чарада айтылган сунуштар КР БШК тарабынан кылдат талданып, ишке ашырыла турганын баса белгиледи.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана “Ала-Тоо” эл аралык университетинин студенттери БШКнын жетекчилигине ачыктыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сунушталган идеяларды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорлорго катышууга даяр экендигин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы айрым шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөрттү
Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын № 5384 шайлоо участогунун схемасы жана чек арасы төмөнкүдөй өзгөртүлдү:
- № 5384 “Атамерек” шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы. Дареги: Рысбаев Козубай ажы көчөсү, Б. Атишов орто мектеби. Чек арасы: Э, Нуранов, Э. Ботоев, Рысбаев Козубай ажы, Б. Байымбетов, Кут-Ордо - 1, 2, 3, 4, 5, 6, К. Турдубаев, Ош, С. Матанов, Таш-Короо, Ы. Рысбаев, Ж. Исмаилов, М. Алмаматов, Н. Айдиев. Шайлоочунун саны: 1818.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылында жаңы № 5618 шайлоо участогу түзүлүп, анын схемасы төмөнкүдөй бекитилди:
- № 5618 Таштак шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы. Дареги: Таштак айылы, К. Жороев көчөсү № 2б, Кыргыз-немец медициналык борборунун имараты. Чек арасы: А. Арзикулов, М. Кабулчаев, Каримжан ажы (Ярмат ажы), Шарап Мырза, К. Жороев көчөлөрү кирет. Шайлоочулардын саны: 664.
Жыйында Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылындагы жаңыдан түзүлгөн № 5618 шайлоо участогунун дареги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кененирээк билүү >>
Ноокен жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-апрелде “Ноокен жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Нарматов Атабек Каримжанович жана Акматалиева Зурахан Карабаевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, резервден Юсубалиев Жумали Алымович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Ал эми Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык, Мойдунов Бусурманкул Пайзидинович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Жумамат кызы Зарипа киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-апрелде, өз жыйынында Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул, Чаткал, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас шаардык, Талас, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Ак-Суу, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти:
- Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаты Турганбаева Бурмакан Кекеновнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бекешов Султан Садыбековичке өткөрүлүп берилди;
- Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Абдилкадыр уулу Биймырзанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Исаев Ибрагим Жуманазаровике өткөрүлүп берилди;
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Бөкөнбаев Жоробек Орозмамбетовичтин (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Мирзабаев Икрамжан Юлдашевичтин (“Ишеним” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Каныбеков Ниязбек Каныбековичке (“Ишеним” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Медеров Эсентур Нурслановичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Караев Расул Ахматхановичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Анарбек уулу Русландын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Нургазиев Сүйүнтбек Болотбековичке өткөрүлүп берилди;
- Токтогул районунун Толук айылдык кеңешинин депутаты Бейшеканова Диана Урматбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бекишова Айгүл Алымбековнага өткөрүлүп берилди;
- Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Сматов Алмаз Аширбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Назаров Абдумалик Абдукалыковичке өткөрүлүп берилди;
- Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Токтоматов Ильгиз Эргешовичтин жана Джумашева Дамиракан Алыбековнанын (“Жаңы-Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Кадыров Мунарбек Алишеровичке жана Курманалиева Гүлнуркан Жакыпбековнага (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Джуробаев Жеңиш Сатаралиевичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турукманов Чынгыз Сатыкеевичке (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Талас шаардык кеңешинин депутаты Рахманов Асылбек Рахмановичтин (“Жаңы-Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Темиркулов Бактияр Темиркуловичке (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Талас районунун Чоң-Алыш айылдык кеңешинин депутаты Кундузбеков Бектурган Амангелдиевичтини ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Батырбекова Керез Орунбаевнага өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Тилекова Жыпаркүл Бектуровнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Токтакунова Венера Насырымбековнага өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаттары Мустапаев Талантбек Сталовичтин жана Самсалиева Элизат Аманатовнанын ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Токтосейитов Төрөбек Туратбековичке жана Карабалаев Мирбекке өткөрүлүп берилди;
- Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Ыбышова Эльмира Исаковнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жамангулов Мирлан Тилебековичке өткөрүлүп берилди;
- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаты Мундушов Жолболду Талантбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асаналиев Каныбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди;
- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаты Самүдүнова Назира Өмүрбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаты Исмайылова Сайнабүбү Токтосуновнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асаналиев Каныбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди;
- Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Качкыналиева Гүлзат Майлышовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кубатбек уулу Айбекке өткөрүлүп берилди;
- Түп районунун Түп айылдык кеңешинин депутаты Абышев Кубандык Мукамбетовичтин ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Асылбеков Алтынбек Асылбековичке өткөрүлүп берилди;
- Ак-Суу районунун Каракол айылдык кеңешинин депутаты Молдакунова Айгуль Дженбаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Каримова Мээрим Аскеровнага өткөрүлүп берилди;
- Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Мирбаев Тилек Акжолоевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бейшеналиева Дамира Сарылкановнага өткөрүлүп берилди;
- Сокулук районунун Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты Майсбек уулу Акылбектин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Качкынбаева Светлана Качкынбаевнага өткөрүлүп берилди;
- Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңешиндеги бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сейдахматов Бекболот Сейдахматовичке өткөрүлүп берилди;
- Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Абдыбеков Бакытбек Алмасбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мусаева Махабат Дуйшембековнага өткөрүлүп берилди;
- Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Кудаяров Канатбек Сапаровичтин (“Мекендеш” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Турсунбаев Равшонжон Джумабаевичке (“Мекендеш” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 29-апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 29-апрели
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы
1. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул, Чаткал, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас шаардык, Талас, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Түп, Ак-Суу, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук, Кемин жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. Ноокен жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаев Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКда шайлоонун санарип келечеги талкууланды
Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясында (КР БШКсы) КР ИИМ Академиясынын курсанттары жана Эл аралык Кувейт университетинин студенттеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун негизги темасы - “Уңгужол” Доктринасынын принциптери, заманбап шайлоо процесси, шайлоого санарип технологияларды киргизүү жана өлкө үчүн өзгөчө маанилүү 2026-жылдагы киберкоопсуздук маселелери талкууланды.
Иш-чараны КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева ачып, 35 жашка чейинки кыргызстандык жаштар бүгүнкү күндө шайлоочулардын жалпы санынын дээрлик 44% түзөрүн (1 735 417 адам) белгилеп, бул чечүүчү электоралдык ресурс, аны бириктирүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигине токтолду.
“Азыркы жаштар чечимдерди кабыл алууга таасир этүүнү жана өлкөнүн келечегин өз колдору менен курууну каалашат. Демек, мындай форматтагы иш-чаралар ушул максатты ишке ашыруунун практикалык куралы болуп саналат”, – деди А. Жупуева
Жолугушуунун теориялык бөлүгүндө БШКнын эксперттери шайлоо мыйзамдарына технологиялык жактан кайра жабдууга байланыштуу киргизилген өзгөрүүлөрдү кеңири түшүндүрүштү.
Талкуунун негизги темасы реалдуу убакыт режиминде киргизилип жаткан шайлоочуларды идентификациялоо тутуму болду.
БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн эксперттери шайлоого даярдык – бул жагымдуу шарттарды түзүү гана эмес, ошондой эле маалыматтардын жана шайлоо материалдарынын толук сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо экендигине басым жасашты.
Ал эми ИИМ Академиясынын курсанттарын шайлоо убагында жасалма бузуулардан (взломдордон) коргоо техникалык жактан кантип камсыздалары жана шайлоо мезгилинде киберкылмыштарды алдын алууда ИИМдин ролу кандай экендиги кызыктырды.
Өз кезегинде БШКнын эксперти Улан Мурзаев шайлоо процесстеринде бузууга (взломго), киберчабуулдарга болгон аракеттер ар дайым болорун айтып, атайын системалар күнү-түнү иштеп, бул аракеттерге каршы турарын билдирди.
Электр энергиясы өчүп калса же байланышта көйгөй чыкса, альтернативдүү электр менен жабдуу булактары колдонулуп, шайлоо процессинин тазалыгын камсыздоодо негизги ролду техника эмес, укуктук талаада БШКнын Санарип министрлиги менен УКМКга караштуу Киберкоопсуздук боюнча координациялык кеңештин өз ара аракети ишке ашыра турганын У. Мурзаев кошумчалады.
,
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди