Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти (тиркелет).
Календардык план “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн иштелип чыккан.
Анда иш-чаралар датасы, аткаруу мөөнөтү жана аткарууга жооптуу адамдар көрсөтүлгөн.
Календардык планда төмөнкү бөлүмдөр боюнча негизги иш-чаралар камтылган:
- шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүү;
- майыптыгы бар шайлоочулар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- эл аралык жана коомдук байкоочулар;
- шайлоочулардын тизмеси;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу;
- талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо;
- шайлоо алдындагы үгүт;
- шайлоону каржылоо;
- шайлоо бюллетендери;
- добуш берүү тартиби;
- добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы №715-VIII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалды.
.