Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Ош, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
• Ош шаардык кеңешинин депутаты Эргешов Алымбек Калмурзаевичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыров Канатбек Сапарбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
• Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Бостонов Нургазы Алымжановичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кудайбергенов Нуржигит Имамбековичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
• Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кармышов Нурболот Тимурлановичтин (“Таза-Булак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абылов Элнур Шакирбековичке (“Таза-Булак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
• Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тотобаев Марс Анарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Үмөталиев Темурлан Мурсатбековичке (“Тынчтык” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
• Тоң районунун Б. Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты Борбашов Урматбек Керезбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 9-июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 9-июлу
Убактысы: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы
1. “Ош, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. “Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору
(баяндамачы – Алмазбеков Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын, мекендештердин коомдук бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүндөгү кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелеринин 70тен ашуун өкүлү катышты.
Жолугушууда шайлоочулардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекет чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзгөнүн, анын ичинде аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралганын белгиледи. Ошол эле учурда өткөн шайлоолордо бир катар чет өлкөлөрдөгү шаарларда шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгонун айтты. Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылганына карабастан, добуш берүүгө болгону 26 миңге жакын жаран катышкан. Ал эми консулдук каттоодо 166 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны турат.
Т. Шайназаров диаспоралардын жетекчилерин чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө, ар бир жарандын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүн кеңири түшүндүрүүгө чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен өз ара кызматташуу, жарандарды шайлоого катышуунун тартиби тууралуу маалымдоо маселелерин талкуулап, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар менен пикир алышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда жаштар үчүн санариптештирүү жана инклюзия маселелери боюнча маалыматтык-агартуу иш-чарасы өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында студенттер үчүн маалыматтык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чараны Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) “Эгль” коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.
Жолугушуунун негизги темасы - жаштардын шайлоо жана укуктук маданиятын жогорулатуу маселеси.
Бүгүнкү күндө жаштар жалпы шайлоочулардын 42%дан ашыгын түзгөндүктөн, алардын шайлоо процессине аң-сезимдүү жана жигердүү катышуусу өзгөчө мааниге ээ.
ЖБББнын эксперттери студенттерди добуш берүүнүн заманбап формалары менен тааныштырышты.
Катышуучуларга аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, анын артыкчылыктары жана электрондук добуш берүүдөн айырмачылыктары түшүндүрүлдү.
КР БШКнын эл аралык бөлүмүнүн өкүлү чет өлкөлөрдө шайлоону уюштуруу тажрыйбасы, чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга мамлекеттик “Түндүк” порталы аркылуу жеткиликтүү болгон “Шайлоочунун кабинети” сервиси тааныштырылды.
Студенттерге шайлоочулардын тизмесиндеги өз маалыматтарын текшерүү, шайлоо участогун аныктоо жана шайлоого байланыштуу актуалдуу маалыматтарды онлайн режиминде алуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, жолугушууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси талкууланды.
БШК өкүлдөрү шайлоо участокторунда пандустарды, тактилдик көрсөткүчтөрдү орнотуу жана атайын жабдууларды колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун соңунда студенттер жаштардын шайлоо жана укуктук маданиятын жогорулатууга салым кошууга даяр экендиктерин белгилешти.
Кененирээк билүү >>
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калкты окутуу улантылууда
2026-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейинки мезгилде “Кыргыз жараны” баалуулуктарын жайылтуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатууга багытталган семинарларга Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 1200дөн ашуун жаран катышты.
Июнь айынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү төмөнкү аймактар көрсөттү:
Жалал-Абад облусу: Кара-Көл жана Токтогул шаарлары, Сузак району;
Ош облусу: Ош шаары жана Араван району;
Ысык-Көл облусу: Түп жана Ак-Суу райондору;
Талас облусу: Талас шаары жана Манас районундагы “Улукман” жатак мектеби;
Чүй облусу: Жайыл району.
Бул семинарлар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактардагы атайын өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуунун аркасында ишке ашырылды.
Билим берүү иш-чараларынын масштабы акырындык менен кеңейтилип, семинарлар уланууда. Бул жарандарга санариптик сабаттуулук боюнча заманбап билимдерди кеңири алууга шарт түзүп, “Кыргыз жараны” баалуулуктарынын негизинде жарандык иденттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө болот.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Р. Жакышов системалык администраторлор менен онлайн жыйын өткөрдү
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлору менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессин маалыматтык-техникалык жактан камсыздоо маселелери, маалыматтык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо жана алдыдагы шайлоо кампаниясына даярдык көрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Русланбек Жакышов системалык администраторлордун шайлоо процессин уюштуруудагы жоопкерчиликтүү ролуна токтолуп, техникалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, келип чыккан көйгөйлөргө өз убагында чара көрүү жана белгиленген талаптарды так аткаруу зарылдыгын белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары бөлүштүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу комиссия мүчөлөрүнүн аймактык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ишмердүүлүгүнүн багыттары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
№
Аты-жөнү
Жетекчиликке алган
аймак
1.
Шайназаров Тынчтык Урайимович
–
2.
Жакышов Русланбек Шергазиевич
Талас облусу
3.
Лурова Лейла
Хияновна
Бишкек шаары, Чүй облусу
4.
Мамырова Бөдөш
Аманбаевна
Жалал-Абад облусу
5.
Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович
Ысык-Көл облусу
6.
Айбалаев Алмаз
Маматович
Ош шаары, Ош облусу
7.
Темирбаева Миргул Омурзаковна
Баткен облусу
8.
Оторбаев Тимур Абдыкеримович
Нарын облусу
Ал эми шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жумушчу топторго бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй аныкталды:
№
Жумушчу топтун аталышы
Жумушчу топтун жетекчиси жана мүчөлөрү
1.
Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ
Оторбаев Т.А. (жетекчиси)
Айбалаев А.М.
Темирбаева М.О.
2.
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ
Оторбаев Т.А. (жетекчиси)
Касмамбетов С.С.
3.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Айбалаев А.М. (жетекчиси)
Оторбаев Т.А.
4.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топ
Шайназаров Т.У. (жетекчиси)
5.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ
Жакышов Р.Ш. (жетекчиси)
Мамырова Б.А.
Оторбаев Т.А.
6.
Майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топ
Темирбаева М.О. (жетекчиси)
7.
Чет өлкөдө жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу топ
Лурова Л.Х. (жетекчиси)
Мамырова Б.А.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 10-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-июндагы жыйынында Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Худайназаров Абдулхаким Абдиназаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Эшейбай уулу Айбектин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жалил уулу Жаңыбайга өткөрүлүп берилди;
Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңешинин депутаты Нурматов Абдикарим Жуманазаровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Иманов Жаныбек Абазбековичке өткөрүлүп берилди;
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Мамурбеков Равшанбек Райимкуловичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шекебаев Нурланбек Жумабековичке өткөрүлүп берилди;
Кант шаардык кеңешинин депутаттары Курманалиев Каныбек Мелисовичтин жана Аскеров Чынтемир Салмоорбековичтин (“Эл Үмүтү” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланышкан кийинки талапкерлер Жумабеков Азим Жумабековичке жана Эмилбеков Улан Эмилбековичке (“Эл Үмүтү” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
Баткен шаардык кеңешинин депутаты Турмаматов Кубатали Курсаналиевичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Исаков Нурсейит Ашуровичке (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Эшбаева Күмүшай Зикиралиевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдурасул кызы Акберметке өткөрүлүп берилди;
Каракол шаардык кеңешинин депутаты Турсунбаев Уланбек Сартбаевичтин (“Ыйман Нуру” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Келгенбаев Бекзат Жекшенбиевичке (“Ыйман Нуру” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты Баякунов Таалайбек Кулманбетовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Иязалиев Руслан Тураровичке өткөрүлүп берилди;
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Абдыбек уулу Русландын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулаймбеков Акылбек Турганбаевичке өткөрүлүп берилди;
Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңешинин депутаты Абдыбеков Нурсейит Куштарбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Анаркулов Замирбек Анаркуловичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-июнундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 23-июну
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы
1. “Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө” чечимдин долбоору
(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлери!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз.
Мамлекетке кызмат кылуу – талыкпаган ак ниет жана сапаттуу эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз убагында туура чечимдерди кабыл алууну талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.
Сиздер кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, мыйзамдуулукту сактоого, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын чыңдоого жана шайлоо системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келесиздер.
Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган ак кызматыңыздар ар дайым жемишин берсин.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Кыргызстандын элине кызмат кылуудагы жооптуу ишиңиздерде ийгиликтерди каалайбыз.
КР БШКнын жамааты
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Грузиядагы шайлоону башкаруу органдарынын 13чү жыл сайын өтүүчү жыйынына катышууда
2026-жылдын 17–18-июнунда Грузиянын Батуми шаарында “Жалган маалымат стратегиялары, жасалма интеллект жана маалыматтык бүтүндүктү камсыздоодогу социалдык тармактардын ролу” аттуу темада шайлоону башкаруу органдарынын 13чү жыйыны өтүүдө.
Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда. Кыргыз Республикасынан КР БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Үмүт Исакова катышып жатышат.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо мезгилинде жалган маалыматтын жайылышы, социалдык тармактардын коомдук пикирге тийгизген таасири, шайлоо процесстеринде жасалма интеллект технологияларын колдонуу, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын шайлоо институттарына болгон ишенимин чыңдоо маселелери талкууланууда.
Форумдун жалган маалыматты саясий чакырык катары кароого арналган экинчи сессиясында КР БШК өкүлдөрү шайлоо учурунда жалган жана такталбаган маалыматтардын жайылышына каршы аракеттенүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын сунушташты. Алар маалыматтык мейкиндикке мониторинг жүргүзүүнүн учурдагы механизмдери, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу жана санариптик платформалар менен жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Баяндамада санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшү шартында коомчулуктун шайлоо процессине болгон ишенимин сактоо, манипуляциялык мазмундагы контентке каршы алдын алуу чараларын өркүндөтүү жана жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай эл аралык аянтчаларга катышуу ар түрдүү өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташууну чыңдоого жана шайлоо процесстеринин ачыктыгын, айкындуулугун жана маалыматтык туруктуулугун камсыздоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.
Форумду Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясынын (A-WEB) колдоосу менен уюштурууда. Иш-чарага Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Латын Америкасынын шайлоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Р. Жакышов атайын өкүлдөр менен онлайн жыйын өткөрдү
Бүгүн, 15-июнда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун катышуусунда БШКнын атайын өкүлдөрү менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө атайын өкүлдөрдүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана учурдагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланыштарды күчөтүү, шайлоочулардын жарандык активдүүлүгүн арттыруу жана шайлоо процессине болгон ишенимди жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Русланбек Жакышов атайын өкүлдөрдүн ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, аймактарда жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет: алдамчылардан сак болгула!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдонуу аркылуу алдамчылык жол менен акча каражаттарын алуу фактылары катталып жатканын маалымдайт.
Кылмышкерлер жасалма аккаунттарды түзүп, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун сүрөтүн колдонуп, анын атынан жарандарга акча которуу тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мындай кайрылуулар КР БШКнын жана анын төрагасынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жоктугун, алдамчылык экенин расмий билдирүүдө.
Биз жарандарды сак болууга, белгисиз адамдардан келген билдирүүлөргө ишенбөөгө, ошондой эле тез арада укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Сагынбеков Бекжан Сагынбековичтин ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Шерипбек уулу Уланбекке өткөрүлүп берилди;
Чүй районунун Биримдик айылдык кеңешинин депутаты Шейшенкулова Жайнагүл Айдарбековнанын ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Машрапов Азамат Нийматовичке өткөрүлүп берилди;
Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты Калиев Апсамат Анаркановичтин ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Кожомкулова Жакшыгүл Сейтказыевнага өткөрүлүп берилди;
Ысык-Ата районунун Жайылма айылдык кеңешинин депутаты Каныбеков Эдил Каныбековичтин ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Кочоров Рамиль Калдыбековичке өткөрүлүп берилди;
Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты Акматов Алишер Кудайназаровичтин ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Нурматов Ачылбек Гафаровичке өткөрүлүп берилди;
Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Абдиева Гүлзат Юсупбаевнанын («Мурас» депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Сагынбек кызы Сымбатка («Мурас» саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
Кадамжай районунун Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Тургунбаев Феруз Шаропжоновичтин ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Хайдаралиева Дилафруз Абдухакимовнага өткөрүлүп берилди;
Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаты Бейшеналиев Нуркул Маратовичтин ыйгарым укуктары берилген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын эң көп добушун алган кийинки талапкер Рысалиев Ильяс Күрүчбековичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 11-июнундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 11-июну
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы
“Ак-Талаа, Чүй, Жайыл, Ысык-Ата, Баткен, Лейлек, Кадамжай жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
«Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту
Бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун негизги максаты — шайлоо процесстерин санариптештирүү боюнча кызматташууну өнүктүрүү, жарандардын санариптик жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессине заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү болуп саналат.
Кызматташуунун алкагында тараптар шайлоо процессинин катышуучулары үчүн билим берүү жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүгө, инновациялык чечимдерди жайылтууга жана шайлоо тутумунун ачыктыгын камсыздоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Тараптар алдыдагы кызматташтык өлкөдө демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана заманбап санариптик технологияларды натыйжалуу колдонууга олуттуу салым кошоруна ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди