Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктардын алкагында, бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелери талкууланды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин жарандыгы, соттуулугунун бар же жок экендиги, кылмыштуу же куралдуу топторго мүмкүн болгон тиешелүүлүгү, ошондой эле диний ишмердикке катышуусу тууралуу маалыматтарды берүү маселелери каралды.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарды текшерүүгө, талапкерлерди тестирлөөнү уюштурууга жана тиешелүү маалыматтарды ыкчам алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүүнүн бардык этаптарында мамлекеттик органдардын макулдашылган иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал шайлоо процессин мыйзамдарга ылайык сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу үчүн маалыматтарды өз убагында берүү жана мамлекеттик органдар ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.


















