Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
06.08.2019

Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 6-августта КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 24-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Миңбаев Дөөлөтбек Бодоновичти Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.  Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович 1978-жылы 8-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Университетин биология адистиги боюнча (диплом №07982) бүтүргөн. Эмгек жолу: 2000-2019 жж. – Б.Миӊбаев атындагы орто мектеп, биология мугалими 2016-2019 жж. – Кара-Суу айылдык кеӊеш, депутат Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 6 баласы бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Миңбаев Дөөлөтбек Бодоновичтин соттуулугу жок. Аксы аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
05.08.2019

2019-жылдын 6-августунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  6 -август 2019-ж.  Убактысы: 11:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылдын 24-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2.  Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Чүй облусунун Аламудүн районунун Пригородное  жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Буура, Кочкор, Аламүдүн, Ала-Бука жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 2-августта Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
02.08.2019

2019-жылы 2-августта Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 2-августта Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 17 добуш алган Чинарбеков Медербек Чинарбекович Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Гавриловка айылдык кеңеште бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын ичинен 19 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттер үчүн конкурс жарыялады
29.07.2019

КР Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттер үчүн конкурс жарыялады

КР Борбордук  шайлоо комиссиясы шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-басылмаларда мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс жарыялады. Конкурстун башкы максаты жарандардын шайлоо укугунун жана процессинин маселелери жөнүндө кабардар болуусун жана түшүнүүсүн жогорулатуу; шайлоо тематикасын чагылдырууга ЖМКларды жана интернет-басылмаларды тартуу; ошондой эле ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын жарандарды шайлоо институту, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжалары жөнүндө кабарландырууга,  жарандардын шайлоо өнөктүктөрүнө катышууга кызыгуусун арттырууга багытталган материалдарынын сапатын жакшыртуу; шайлоо институттарына коомдун ишенимин жогорулатуу; шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланыштыруучу түйүн катары жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жана интернет-басылмалардын ролун алга жылдыруу; шайлоо комиссияларынын тутуму менен өз ара аракеттешүүгө ЖМКларды жана интернет-басылмаларды тартуу болуп саналат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын редакциялары, айрым авторлору жана/же автордук жамааттары  конкурстун катышуучулары боло алат. Берилген материалдар (басма сөздөгү жарыялоолор, телесюжеттер, жана интернет-басылмалардын билдирүүлөрү, радиоберүүлөр ж.б.) 2019-жылдын 26-июлунан 26-октябрына чейинки мезгилде жарыяланган же обого чыккан болууга тийиш. Конкурстук комиссия 2019-жылдын 4-ноябрына чейин конкурстун жыйынтыктарын чыгарат жана ыйгарылуучу сыйлыктардын санына жараша  Конкурстун жеңүүчүлөрүн ачык добуш берүү менен аныктайт. Конкурска материалдар 2019-жылдын 25-октябрына чейин 720049, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча кабыл алынат. Почта аркылуу жана электрондук жөнөтүүлөр “КОНКУРС-ЖМК” деген белгини камтууга тийиш. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-2023-жылдарга иштин Стратегиялык планын бекитти
27.07.2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-2023-жылдарга иштин Стратегиялык планын бекитти

КР БШК жакын арада Стратегиялык планды коомчулукка презентациялайт. План БШКнын өз тутумундагы сапаттык өзгөрүүлөр боюнча чаралардын төмөнкү комплексин камтыйт: менеджмент механизмдерин өркүндөтүү, шайлоо комиссияларынын көз карандысыздыгын чыңдоо жана кесипкөйлүгүн арттыруу, ошондой эле жарандардын аларга ишениминин жогорку деңгээлине жетишүү, натыйжалуу бюджет саясатын түзүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын уюштуруучулук жана кесиптик жактан тынымсыз өнүгүүсүн, шайлоо тутумунун процесстерин  өркүндөтүүнүн натыйжаларын андан ары имплементтөө жана иш жүзүндө колдонууну  уюштуруу. Стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн БШКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жылдык жана учурдагы пландары иштелип чыгат, аны жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн, ага улуттук стратегиялык жана программалык документтерди түзөтүү менен шартталган актуалдуу чараларды жана милдеттерди киргизүү тутуму түзүлөт. 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы, БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттары, ошондой эле эл аралык шайлоо стандарттары Стратегиялык пландын милдеттери үчүн негиз жана багыт болуп саналат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Гапаров Шайлообек Беклекбайевич Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
26.07.2019

Гапаров Шайлообек Беклекбайевич Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 26-июлунда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 19-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Гапаров Шайлообек Беклекбайевичти Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.   Гапаров Шайлообек Беклекбайевич 1984-жылы 9-февралында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Билими жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин финансы жана кредит адистиги боюнча ((№CD070088590, каттоо номери 6-640  21.03.2007-ж.) бүтүргөн. Эмгек жолу: 2010-2019 жж. - Баткен районуна  караштуу  Самаркандек   жалпы  дарыгерлер  тажрыйба  борбору, башкы  эсепчинин  жардамчысы Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 5 баласы бар Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык соттуулугу жок. Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Самаркандек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин эки депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
26.07.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин эки депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

   2019-жылы 26-июлда КР БШК Жалал-Абад жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Деванаев Фарходбек (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №9, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат саясий партиянын тизмесиндеги №17 талапкер Пулатов Саибге өткөрүп берилди. Ош облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Абдрахманов Оёнбек (“Мекеним Кыргызстан” фракциясы, №18, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат саясий партиянын тизмесиндеги №20 талапкер Раимов Эмилбекке өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 26-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
25.07.2019

2019-жылдын 26-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:   26 -июль 2019-ж.  Убактысы: 11:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылдын 19-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самарандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө (Баяндамачы –  Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 5. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. 2019-2023-жылдарга КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн Стратегиялык планы жөнүндө (Баяндамачы – Н.К. Шайлдабекова, БШКнын төрагасы) 7. Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс тууралуу (Баяндамачы –  С.Байтикова, маалыматтык бөлүмдүн башчысы) 8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 30 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү жөнүндө (Баяндамачы –  А.Г. Бекматов, Жумушчу топтун жетекчиси) 9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-июлда Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
25.07.2019

2019-жылы 19-июлда Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 19-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 13 добуш алган Гапаров Шайлообек Белекбайевич Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Самаркандек айылдык кеңеште бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 24-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
25.07.2019

2019-жылдын 24-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Минбаев Доолотбек Бодонович шайланды. Добуш берүүгө Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 16 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
​​​​​​​Кыргыз Республикасынан барган эл аралык байкоочулар Украинанын Жогорку Радасынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты
25.07.2019

​​​​​​​Кыргыз Республикасынан барган эл аралык байкоочулар Украинанын Жогорку Радасынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты

Украина БШКсынын сайтындагы маалымат боюнча 25-июлга карата абал боюнча 21-июлда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун 99,76%дан ашыгы иштелип чыкты. Алдын ала жыйынтыктар боюнча талапкерлердин арасында “Эл кызматчысы” партиясы шайлоочулардын 43,17% добушун алып, алдыда баратат, “Оппозициялык платформа – Жашоо үчүн” партиясы үчүн шайлоочулардын 13,02%ы, “Батькивщина” партиясы үчүн – 8,18%ы, “Европа шериктештиги” партиясы үчүн – 8,11%ы добуш берди, ал эми “Добуш” (“Голос”)  5,83% алды. Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Украина БШКсынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынан барган КР БШКнын мүчөлөрү А. Асаналиев  жана Г. Баатырова Жогорку Раданын депутаттарын кезексиз шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты. Украина БШКсынын маалыматтары боюнча шайлоочулардын шайлоого келүүсү 49,84%ды түздү. Добуш берүүгө 14,7 миллиондон ашык шайлоочу катышты. Шайлоо аралаш тутум (депутаттардын жарымы пропорциялык, экинчи жарымы – мажоритардык тутум боюнча шайланат) каралган колдонуудагы мыйзамдар боюнча өттү. Мындан тышкары, Жогорку Радага шайлоо беш пайыздык босогодон өтүүгө тийиш болгон жабык партиялык тизме боюнча өтүүдө. Жалпы мамлекеттик көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине 22 саясий партия жана блоктор киргизилди, 199 бир мандаттуу шайлоо округунда 65 партиянын өкүлү болгон дээрлик 6 миң талапкер катталган. Украинанын шайлоо мыйзамдарына ылайык БШК кезексиз парламенттик шайлоонун натыйжаларын  добуш берүү күнүнөн тартып 15 күндүн ичинде жарыялайт. Украинанын Президенти В. Зеленский ал инаугурация болгон күнү мурдагы парламентти таркатып, Жогорку Радага кезексиз шайлоону үстүбүздөгү жылдын 20-майына дайындаганын эске сала кетебиз. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
17.07.2019

Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.   Манапов Азизбек Кубанычбекович 1981-жылы 25 августта Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Билими жогорку. КГУСТа “Транспорт жана комуникация” адистиги боюнча (диплом №1025  27.07. 2001ж.)  бүтүргөн. Эмгек жолу: 2002 ж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү, салык инспектору, бухгалтер 2002-2005 жж. - ВУСтун башчысы, бухгалтер, салык инспектору 2005-2007 жж. - Жер адиси жана комуналдык чарба боюнча башкы адис 2008-2009 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу 2009-2014 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы 2017-2019 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Үй бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баласы бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Манапов Азизбек Кубанычбековдун соттуулугу жок. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөсү жөнүндө ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт
17.07.2019

БШК мүчөсү жөнүндө ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Сатыгулов 2018-жылдын аягынан тартып БШКга келбей жатат деген ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт. Мурда билдирилгендей, А. Сатыгулов 2018-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин негизги иштеген жумушу боюнча эмгек өргүүсүндө болгон. 2018-жылдын декабрынан тартып эмгек өргүүсүнөн кайтып келип, БШКнын жыйналыштарына катышууда. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
17.07.2019

Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 17-июлундагы токтому менен Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 2-августуна (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 3-июлундагы № 218-Р буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самарканович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү                          
Кененирээк билүү >>
Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.07.2019

Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Нурмаматов Кубанычбек Досболович 1972-жылы 28 январда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Билими жогорку. Ош мамлекеттик педогогикалык институтун “кыргыз тил жана адабият” адистиги боюнча (диплом ФВ-I №122094, регистр.номер №372 20.06.1994ж) бүтүргөн. Эмгек жолу: 1993-1994 жж. – Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеп, мугалим; 1994-2005 жж. – Ж.Момунов атындагы орто мектеп, мугалим, мүдурдүң орун басары; 2005-2008 жж. – Баткен облустук администрация, бөлүм башчысы; 2008-2009 жж. – Баткен шаардык башкаруу, орун басар; 2009-2012 жж. – Баткен шаарынын мэриясы, бөлүм башчысы, аппарат жетекчиси, биринчи вице-мэр; 2016-2017 жж. - Ак-Татыр айыл окмоту, жетектөөчү адис, айыл өкмөтүнүн башчысы Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 баласы бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Нурмаматов Кубанычбек Досболовичтин соттуулугу жок. Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Татыр айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17.07.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 17-июлда КР БШК Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Талас облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Чомотоев Канат (Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эшимбеков Ильяска өткөрүп берилди. Асылбеков Нургазы (Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усупбеков Нургаазыга өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Эгембердиев Жыргалбек (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын тизмесиндеги №11 талапкер Ирсалиев Арапбайга өткөрүп берилди. Кочкорбаев Батырбек (Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рысымбетов Бакайга өткөрүп берилди. Курбанов Темур (Сузак районунун С. Атабеков айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акматалиев Заирбекке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Мансурова Чолпон (“Табылга” фракциясы, №3, Чолпон-Ата шаардык кеңеш). Мандат Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын тизмесиндеги №9 талапкер Каратаев Азатка өткөрүп берилди. Ош облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Асанов Сапарбек (Кара-Суу районунун Мадый айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Калбаев Анарбайга өткөрүп берилди. Орозбаев Мирланбек (Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Темирбаев Рыскулга өткөрүп берилди. Баткен облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Анаров Саатбек (Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Каракашов Имамалиге өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 351 353 … 488