Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
17 июля 2019
КР БШКнын 2019-жылдын 17-июлундагы токтому менен Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 2-августуна (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 3-июлундагы № 218-Р буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самарканович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
