Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-2023-жылдарга иштин Стратегиялык планын бекитти

27 июля 2019

КР БШК жакын арада Стратегиялык планды коомчулукка презентациялайт.

План БШКнын өз тутумундагы сапаттык өзгөрүүлөр боюнча чаралардын төмөнкү комплексин камтыйт: менеджмент механизмдерин өркүндөтүү, шайлоо комиссияларынын көз карандысыздыгын чыңдоо жана кесипкөйлүгүн арттыруу, ошондой эле жарандардын аларга ишениминин жогорку деңгээлине жетишүү, натыйжалуу бюджет саясатын түзүү, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын уюштуруучулук жана кесиптик жактан тынымсыз өнүгүүсүн, шайлоо тутумунун процесстерин  өркүндөтүүнүн натыйжаларын андан ары имплементтөө жана иш жүзүндө колдонууну  уюштуруу.

Стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн БШКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жылдык жана учурдагы пландары иштелип чыгат, аны жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн, ага улуттук стратегиялык жана программалык документтерди түзөтүү менен шартталган актуалдуу чараларды жана милдеттерди киргизүү тутуму түзүлөт.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы, БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттары, ошондой эле эл аралык шайлоо стандарттары Стратегиялык пландын милдеттери үчүн негиз жана багыт болуп саналат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү