БШК мүчөсү жөнүндө ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт

17 июля 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Сатыгулов 2018-жылдын аягынан тартып БШКга келбей жатат деген ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт.

Мурда билдирилгендей, А. Сатыгулов 2018-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин негизги иштеген жумушу боюнча эмгек өргүүсүндө болгон.

2018-жылдын декабрынан тартып эмгек өргүүсүнөн кайтып келип, БШКнын жыйналыштарына катышууда.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү