Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

17 июля 2019

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Нурмаматов Кубанычбек Досболович

1972-жылы 28 январда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган.

Билими жогорку. Ош мамлекеттик педогогикалык институтун “кыргыз тил жана адабият” адистиги боюнча (диплом ФВ-I №122094, регистр.номер №372 20.06.1994ж) бүтүргөн.
Эмгек жолу:

1993-1994 жж. – Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеп, мугалим;

1994-2005 жж. – Ж.Момунов атындагы орто мектеп, мугалим, мүдурдүң орун басары;

2005-2008 жж. – Баткен облустук администрация, бөлүм башчысы;

2008-2009 жж. – Баткен шаардык башкаруу, орун басар;

2009-2012 жж. – Баткен шаарынын мэриясы, бөлүм башчысы, аппарат жетекчиси, биринчи вице-мэр;

2016-2017 жж. - Ак-Татыр айыл окмоту, жетектөөчү адис, айыл өкмөтүнүн башчысы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 баласы бар.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Нурмаматов Кубанычбек Досболовичтин соттуулугу жок.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Татыр айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү