Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Абдыраев Туратбек Кадырмаматович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Куванычбек кызы Зирегүл киргизилди.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Дуйшенова Гулзаада Кадырбаевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылып, ордуна резервден Токтогулов Кубан Табышбекович киргизилди.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Кулдашова Хаётхон Атабековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылып, ордуна резервден Мамадалиев Кубанычбек Хасанбаевич киргизилди.
Ошондой эле «Ата-Мекен» саясий партиясынан Аманов Кымбат Эсенович резервден Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилди.
20-Ноя, 2026