Гапаров Шайлообек Беклекбайевич Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

26 июля 2019

2019-жылы 26-июлунда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 19-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Гапаров Шайлообек Беклекбайевичти Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

 

Гапаров Шайлообек Беклекбайевич

1984-жылы 9-февралында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылында туулган.

Билими жогорку. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин финансы жана кредит адистиги боюнча ((№CD070088590, каттоо номери 6-640  21.03.2007-ж.) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2010-2019 жж. - Баткен районуна  караштуу  Самаркандек   жалпы  дарыгерлер  тажрыйба  борбору, башкы  эсепчинин  жардамчысы

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 5 баласы бар

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык соттуулугу жок.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Самаркандек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү