Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
17 июля 2019
2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Манапов Азизбек Кубанычбекович
Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Манапов Азизбек Кубанычбекович
1981-жылы 25 августта Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган.
Билими жогорку. КГУСТа “Транспорт жана комуникация” адистиги боюнча (диплом №1025 27.07. 2001ж.) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2002 ж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү, салык инспектору, бухгалтер
2002-2005 жж. - ВУСтун башчысы, бухгалтер, салык инспектору
2005-2007 жж. - Жер адиси жана комуналдык чарба боюнча башкы адис
2008-2009 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
2009-2014 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы
2017-2019 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
Үй бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баласы бар.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Манапов Азизбек Кубанычбековдун соттуулугу жок.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

